Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:46

Атамбаевдин тарапташтары соттун алдында акция өткөрдү


Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында өтүп жаткан акция. 25-апрель, 2022-жыл.
Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында өтүп жаткан акция. 25-апрель, 2022-жыл.

Бишкектин Биринчи май райондук сотунун алдында мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди колдоо акциясы өттү. Ушул тапта 2020-жылдын октябрь айындагы массалык башаламандык боюнча сот жүрүүдө. Бирок Атамбаевдин өзү сотко алып келинген жок. Ал бүгүн суралбайт деп айтылды.

Акцияга мурдагы депутат Рыскелди Момбеков жана Жогорку Кеңештин депутаты Сеидбек Атамбаев катышты. Соттун алдына келгендер орус жана англис тилинде жазылган "Соттор адилеттүү чечим чыгаргыла", "Биз мыйзамсыздыкка каршыбыз" деген плакаттарды кармап турушту.

Бүгүнкү сотко Социалисттик Интернационалдын (Социнтерн) башкы катчысы Луис Айяла дагы катышууда. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди. Социалисттик Интернационал уюмуна 156 социал демократиялык саясий партия кирет. Кыргызстандагы Социал-демократтар партиясы дагы уюмга мүчө.

Биринчи май райондук соту Октябрь окуялары боюнча ишти карап жатат. Айыпталуучулардын катарында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев баш болгон бир катар саясатчылар бар. Алар иш калыс тергелген жок деп нааразы. Прокуратура Атамбаевдин соттогу акыркы аракеттери мыйзамга каршы келерин эскертти.

Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарган Атамбаевге Кой-Таш, Октябрь окуялары жана мындан тышкары кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу коррупция боюнча да айып коюлган. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG