Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:21

Социнтерн баш катчысы Октябрь окуялары боюнча сотко катышууда


Луис Айяла Кыргызстандагы Октябрь окуялары боюнча сот отурумунда. 25-апрель, 2022-жыл.
Луис Айяла Кыргызстандагы Октябрь окуялары боюнча сот отурумунда. 25-апрель, 2022-жыл.

Социалисттик Интернационалдын (Социнтерн) башкы катчысы Луис Айяла Кыргызстандагы Октябрь окуялары боюнча сот отурумуна катышууда. Бул тууралуу кабарчыбыз билдирди

Луис Айяла буга чейин 2020-жылдын январь айында дагы Кыргызстанга келип кеткен. Анда Кой-Таш окуясынан кийин кармалгандардын жакындары менен жолугуп, саясий туткундарды эркиндикке чыгарууну талап кыларын айткан.

Социалисттик Интернационал уюмуна 156 социал демократиялык саясий партия кирет. Кыргызстандагы Социал-демократтар партиясы дагы уюмга мүчө. Аталган партияны негиздеген Алмазбек Атамбаев ушул тапта бир нече берене менен соттолууда. Ал Кыргызстанды 2011-2017-жылдары башкарды.

Атамбаев 2019-жылы "Батукаев иши" боюнча Кой-Таштагы үйүндө кармалып, камакка алынган. Кримтөбөл Азиз Батукаевдин 2013-жылы абактан мыйзамсыз бошотулушуна байланыштуу 11 жылга эркинен ажыратылды.

Мындан тышкары Атамбаев “Кой-Таш иши” (аны колго түшүрүү операциясында бир офицер каза болуп, 175 адам жараат алган), 2020-жылдын октябрындагы Бишкектеги башаламандыктар, кылмыштуу жол менен алынган кирешени адалдаштыруу, Бишкектин Жылуулук электр борборун (ЖЭБ) модернизациялоодогу жемкорлук, борбор калаанын Калыс-Ордо конушундагы мектептин курулушуна бөлүнгөн акчадан уурдоо, паспортторду мыйзамсыз жазып берүү иштери боюнча да айыпталып жатканын Бишкектин Биринчи Май райондук соту билдирген. Атамбаев өзү бул айыптоолорду саясий куугунтук катары баалап келет. (KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG