Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:49

Бишкекте "Джаз-Бишкек-Жаз" фестивалы өттү


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

23-24-апрелде Бишкектеги Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармонияда “Джаз-Бишкек-Жаз” (Джаз-Бишкек-Весна) аталышындагы XVII эл аралык джаз фестивалы өттү.

Фестивалдын аткаруучу директору, музыкант Викрам Рузахуновдун айтымында, "Чек арасыз музыка" деген ураандын алдында өткөн фестиваль “маданий алакалар аркылуу өлкө, элдер ортосундагы достукту чыңдоого” багытталган. Ага Израил, Түркия, АКШ, Өзбекстандан джаз музыканттары келген.

Кыргызстандагы “Борбор Азия – Арт Менежмент” коомдук фонду 2006-жылдан бери “Борбор Азиядагы этно-джаз” долбоорун ишке ашырып келет. Жылына апрель айында өтчү жаз фестивалдары аталган коомдук фонддун негизги долбоорлорунун бири. Викрам Рузахунов 2006-жылдан бери бул жаз фестивалынын уюштуруу тобуна мүчө.

Белгилүү музыкант, пианист Викрам Рузахунов Казакстанда быйыл Январь окуяларында кармалып, эки күндөн кийин кыргыз бийлигинин кийлигишүүсүнөн соң Бишкекке жеткирилген. Кийин ал ооруканада операция болгон. Рузахунов казак күч кызматкерлеринин кыйноосуна кабылганын айтып чыккан жана кабыргалары сынып, бир кабыргасы өпкөсүнө кирип кеткенин, мээси чайкалганын билдирген.(KS)

XS
SM
MD
LG