Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:44

Рузиевдин жактоочулары УКМК кызматкерлеринин үстүнөн арызданды


Укук коргоочу Камил Рузиев. 31-май, 2020-жыл.
Укук коргоочу Камил Рузиев. 31-май, 2020-жыл.

Ысык-Көл облустук прокуратурасына укук коргоочу Камил Рузиевдин жактоочулары УКМКнын аймактык башкармалыгынын кызматкерлеринин үстүнөн арызданды. Бул тууралуу укук коргоочу "Азаттыкка" билдирди.

Анын айтымында, жактоочулар анын укугу одоно бузулуп жатканын белгилеп, чара көрүүнү талап кылышкан.

"2020-жылдын май айында мени кармоо учурунда УКМКнын жергиликтүү кызматкерлери мага карата психологиялык басым жасаган. Биз бул факты боюнча аскер прокуратурасына да, облустук прокуратурага да кайрылганбыз. Бирок чара көрүлгөн эмес. Азыр жактоочулар кайра кайрылуу жасашты",-деди Камил Рузиев.

Арыз өткөн жуманын башында жазылганы менен жооп болбой жатат деди укук коргоочу. Мыйзам боюнча көзөмөл органы мындай мүнөздөгү кайрылууларга үч күндүн ичинде жооп берүүгө милдеттүү.

Камил Рузиев Караколдогу "Вентус" уюмун жетектейт. Ал күч түзүмдөрүнүн кыйноосуна жана зомбулугуна кабылганы айтылган адамдарды коргоп, юридикалык жардам берип келгени менен белгилүү. Укук коргоочу эки жыл мурун "Документтерди жасалмалоо" жана "Алдамчылык" беренелеринин негизинде кармалып, эки күндөн кийин үй камагына алынган. Кийин анын ишиндеги Жазык кодексинин "Алдамчылык" беренеси алынган. Экинчи берене боюнча 2020-жылы сентябрында Каракол шаардык сотунда башталган сот иштери аягына чыга элек. Рузиев мунун баарын анын укук коргоочулук ишмердүүлүгү үчүн өч алуу деп эсептейт.

18-декабрда Женевада өткөн жыйында уюмдун атайын баяндамачысы Мэри Лолор Кыргызстандын бийлигин укук коргоочу Камил Рузиевге карата куугунтукту токтотуп, ал айтып чыккан мыйзам бузуу фактыларын иликтөөгө чакырган. Ал Рузиев күч түзүмдөрүндөгү кыйноолорду жана алардын ишиндеги кемчиликтерди ашкере кылгандан кийин куугунтукка кабылганын айткан.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG