Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:36

Кулубаев Кыргызстанга көп векторлуу тышкы саясат керек экенин билдирди


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралууда. Анда Кулубаев депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып, Кыргызстан көп векторлуу тышкы саясатты кармануусу туура болорун айтты.

“Биз үчүн көп векторлуу дипломатия сөзсүз керек. Ар бир мамлекет менен көпүрө түзүшүбүз керек. Бул биздин максатыбыз болушу керек”.

Кулубаев ошону менен бирге коңшу өлкөлөр менен кызамтташтыкты чыңдоо зарылдыгын кошумчалады.

23-апрелден баштап Жээнбек Кулубаев тышкы иштер министринин милдетин аткарып жатат. 22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри Руслан Казакбаев кызматынан кеткен.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон. (TSh)

XS
SM
MD
LG