Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 14:17

Орусиянын украин чек арасына жакын шаарында мунай базасы өрттөндү


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Орусиянын беларус жана украин чек араларына жакын жайгашкан Брянск шаарында "Транснефть Брянск Дружба" деп аталган мунай базасы өрттөндү. Бул тууралуу өлкөнүн Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Баштапкы маалыматтарга ылайык, жабыр тарткандар жок. Өрткө байланыштуу жайкын тургундар эвакуацияланбайт. Окуянын себептери аныктала элек. Мунай базага ээлик кылган "Транснефть-Дружба" компаниясы билдирүү тарата элек.

Мунай базасында өрт чыкканы тууралуу маалымат дүйшөмбүгө караган түнү тараган. Кийинчерээк "Интерфакс" жана “РИА Новости” маалымат агенттиктери өз булактарына таянуу менен шаардын башка аймагындагы мунай базаны да өрт чалганын жазды. Таңга маал чыккан экинчи өрт 10 миң куб метр дизель отунун сактаган кампаны каптаганы маалым болду.

Бул арада украиналык жалпыга маалымдоо каражаттары Брянскта ок-дары сактоочу кампа өрттөнгөнүн жазышты. Муну менен катар бул өрттөргө жарылуулар себеп болгону кабарланды. Буга байланыштуу видео жазуулар да жарыяланды.

Брянск шаары Орусиянын Брянск облусунун борбору болуп саналат. Калаа ок атышуу уланып жаткан Украинанын чек арасынан 100 чакырым алыстыкта жайгашкан. Облус жетекчилиги 25-апрелден бери Украина тараптын аткылоосунан жүздөн ашык турак-жай жана он чакты жайкын тургун жабыр тартканын билдирген. Мурдараак Орусиянын Белгород облусунун администрациясы да аймактагы мунай базаларды украин тарап аткылады деп айыптаган. Украин бийлиги муну ырастаган эмес.

"Транснефть-Дружба" компаниясы - Орусиянын мамлекеттик "Транснефть” мунай өндүрүүчү корпорациясынын туунду ишканасы. Ал Орусиядан Европага мунай жеткирүүчү “Дружба” куурларына ээлик кылат.

Орусиянын президенти Владимир Путиндин Донбасстагы жикчил түзүмдөрдү коргоо тууралуу билдирүүсүнөн кийин 24-февралда орус аскерлери Украинанын аймагына басып кирген. Эки айдан бери аткылоодон эки тараптан тең миңдеген адам өлдү. 4 миллиондон ашуун киши украин жергесин таштап чыгып кетти. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG