Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:04

Дыйкан-фермерлерге 2,5 миллиард сомдой жеңилдетилген насыя берилди


 Өкмөт Финансы министрлигине насыя үчүн “Айыл Банкка” – 5,5 миллииард, ал эми “РСК Банкына” 4,5 миллиард сом бөлүп берүүнү тапшырган.
Өкмөт Финансы министрлигине насыя үчүн “Айыл Банкка” – 5,5 миллииард, ал эми “РСК Банкына” 4,5 миллиард сом бөлүп берүүнү тапшырган.

Айыл чарба министрлиги 21-апрелге карата жалпысынан баасы 2,5 миллиардга жакын сомго беш миңден ашык насыя берилгенин билдирди. Акча жашылча-жемиш өстүрүү, мал чарбачылыгы жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү деген үч тармак аркылуу бөлүштүрүлгөнүн кабарлады.

Буга чейин Жогорку Кеңеште жеңилдетилген насыялар кечиктирилип берилип жатканы, банктарда кезек күтүүлөр арбын экени тууралуу маселе көтөрүлгөн.

Өкмөт өткөн айда "Агроөнөр жай комплексин кредиттөө" долбоорун бекитип, мамлекеттик банктарга агроөнөр жай комплексин насыялоого 10 миллиард сом бөлгөн.

Долбоорду ишке ашыруу үчүн Финансы министрлигине “Айыл Банкка” – 5,5 миллиард, ал эми “РСК Банкына” 4,5 миллиард сом бөлүп берүү тапшырылган. Насыянын өлчөмү жылына 6% түзүп, кайтаруу мөөнөтү үч жыл деп белгиленген.

Буга чейин Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик банктан айыл чарбага насыя алгандар тыкыр көзөмөлдө болорун билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG