Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 17:14

Масадыков президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча өкүлү болду


Таалатбек Масадыков.
Таалатбек Масадыков.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде Таалатбек Масадыковду өзгөчө тапшырмалар боюнча өзүнүн атайын өкүлү кызматына дайындады.

Масадыков буга чейин Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары болуп турган. Өткөн аптада ал Тышкы иштер министрлигинин Ооганстан боюнча атайын өкүлү, өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи Авазбек Атаханов менен биргеликте Өзбекстан, Пакистан, Ооганстан, Иран жана Бириккен Араб Эмираттарында жумушчу сапар менен болгон.

Президенттин басма сөз кызматы анда аталган өлкөлөрдүн күч түзүмдөрүнүн жана башка мамлекеттик мекемелеринин жетекчилери, эл аралык эксперттер менен жолугушуулар өткөнүн билдирген.

Өткөн жылы июлда президент Садыр Жапаров Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары деп аталган жаңы кызмат түзүп, ага Масадыковду дайындаган.

Акыркы мезгилде ал маалымат каражаттарына көп чыкпай калган. Өткөн жумада парламенттин тармактын комитетинде анын кызмат ордунун Конституцияга туура келер-келбеси жөнүндө сөз болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG