Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 02:09

Камчыбек Ташиев июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берди


Камчыбек Ташиев.
Камчыбек Ташиев.

Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 25-апрелде Башкы прокуратурага 2010-жылдагы июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берди.

Ал башкы көзөмөлдөөчү органдан чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, ошол кездеги Убактылуу өкмөт мүчөлөрүнүн аракетин сындады жана Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керек экенин билдирди.

Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү Ташиевдин дооматтарына байланыштуу азырынча үн ката элек.

2010-жылы июнь коогасы маалында Ташиев Жалал-Абад облусунда жүргөн, ошол жылы күзүндө парламенттик шайлоодо "Ата Журт" партиясынын тизмеси менен депутат болгон.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган.

Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Расмий маалыматка ылайык, коогада 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алган. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын 19у ушул күнгө чейин табыла элек.

2011-жылы Абдыганы Эркебаев башында турган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, "куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөр, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочулары жана кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG