Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:31

Санариптик өнүгүү министри паспорт мафиясы күчөгөнүн айтып чыкты


Талант Иманов.
Талант Иманов.

Санариптик өнүгүү министри Талант Иманов паспорт берүү маселеси тууралуу билдирүү жасады. Ал 25-апрелде Фейсбуктагы баракчасына Калкты жана жарандык абалдын актыларды каттоо департаментинде паспорт мафиясы күчөгөнүн жазды.

"Мен санарип өнүктүрүү министри кызматында 2022-жылдын 15-январынын тартып иштеп жатам. Министрликте жылдап чечилбей келген маселелер толтура жана анын негизгилерин чечсе болот. Бирок мен бул кызматка келгенде биринчи эле Калкты каттоо департаментиндеги паспорт мафиясына кабылдым. Мафия ишин бир ыргакка салып, күнүгө 24 саат бою тынбай иштейт. Мени бул билдирүүм курулай сөз эмес. Менде фактылар, далилдер бар. Анын баары тиешелүү органдарга берилет. Бул мафия тамырлашып кетиптир. Өлкөгө миллиарддаган сом зыян келтирип жатат. Камырабай пара алып, жаныбызда камырабай эле иштеп жатат. Бул тармакка ревизия керек. Миңдеген жасалма паспорт берилет - бул улуттук коопсуздукка коркунуч жаратат. Менин бул билдирүүмдөн кийин мага карата сын-доомат, каралоо күчөйт. Бирок мен аягына чейин күрөшөм".

Министр бул билдирүүсүндө кимдир бирөөлөрдүн атын ачык атаган жок.

Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаменти Санариптик өнүгүү министрлигинин алдындагы Мамлекеттик каттоо кызматына карайт. Аталган департамент менен Мамкаттоо кызматы министрдин паспорт мафиясы тууралуу дооматтарына жооп кайтара элек.

Кыргызстанда жасалма паспорттордун берилишине байланыштуу бир катар чуулгандуу окуялар катталган, козголгон кылмыш иштери эмне менен аяктаганы белгисиз учурлар көп болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG