Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:47

Муканова: коррупцияны азайтуу көрсөткүчүн жакшыртууга аракет жасалат


Нурипа Муканова.
Нурипа Муканова.

Президентке караштуу Антикоррупциялык ишкердик кеңештин баш катчысы Нурипа Муканова Жогорку Кеңеште 2022-2024-жылдарга белгиленген коррупцияга каршы стратегиянын долбоору тууралуу маалымат берди.

Ал Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү комитетинин 25-апрелдеги жыйынында бул долбоордун башкы максаты коррупцияга каршы чараларды күчөтүү, паракорчулуктун деңгээлинин көрсөткүчүн жакшыртуу экенин айтты.

Стратегиядагы иш-чаралардын негизинде 2024-жылга карата дүйнөдөгү жемкорлуктун деңгээлин изилдеген Transparency International уюмунун рейтингинде 94-орунга көтөрүү пландаштырылып жатканын билдирди.

Transparency International уюмунун былтыркы рейтингинде Кыргызстан 144-орунду ээлеген жана бул 2020-жылга караганда 20 баскычка начар болгон.

Антикоррупциялык ишкердик кеңеш былтыр июлда президент Садыр Жапаровдун жарлыгы менен түзүлгөн жана негизги курамы октябрь айында бекиген.

Ага ылайык, кеңешти мамлекет башчы өзү жетектейт жана курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү, баш прокурор, Улуттук банктын төрагасы, эл аралык, бизнес коомчулуктун жана академиялык чөйрөнүн өкүлдөрү кирген. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG