Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:43

Илон Маск Твиттерди 44 миллиард долларга сатып алат


Илон Маск Твиттерди активдүү колдонот жана анын барагына 85,5 миллион адам катталган.
Илон Маск Твиттерди активдүү колдонот жана анын барагына 85,5 миллион адам катталган.

Кошмо Штаттарындагы SpaceX жана Tesla компанияларынын негиздөөчүсү, миллиардер Илон Маск Твиттер социалдык тармагына ээлик кылган компанияны 44 миллиард долларга сатып алганы жатат. Мунун алдында аталган компаниянын Директорлор кеңеши ишкердин сунушуна көнгөнү белгилүү болгон. Ага ылайык, сатуу-алуу макулдашуулары ушул жылдын аягына чейин соңуна чыгат.

Илон Маск Твиттерди сатып алып алганы жатканына байланыштуу комментарий берип жатып, бул социалдык тармакта мындан ары сөз эркиндиги маанилүү болорун билдирди. Ошондой эле Твиттерди жакшыртарын, анын мүмкүнчүлүгү кеңири экенин жазды.

Ушул айдын башында Маск Твиттердин 9% акциясын сатып алган жана муну менен эң ири акционерлердин бири болуп калган.

Маск өзү Твиттерди активдүү колдонот жана анын барагына 85,5 миллион адам катталган.

Былтыр жыл аягында Илон Маск "Тайм" журналынын тандоосуна ылайык "Жылдын адамы" аталган. Басылма анда ишкер "дүйнөдөгү эң бай адам гана эмес, коомдогу масштабдуу өзгөрүүлөрдүн бай мисалы болуп калды. Бул инсан планетаны сактап калууну, жаңы планеталарды багындырып, элди ошол жерге көчүрүүнү көздөйт" деп белгилеген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG