Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:45

Монголияда Кыргызстандын элчилиги ачылат


Монголиянын желеги.
Монголиянын желеги.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитетинин жыйынында Кыргызстандын элчилиги Монголияда ачыла турганын тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаев билдирди.

Тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Жээнбек Кулубаевдин айтымында элчиликти ачуу маселеси 2023-жылдын каржы планына киргизилген. Азыркы учурда бул мамлекеттеги иштерди Кыргызстандын Кытайдагы элчилиги алып барары айтылды.

Быйыл Монголия менен Кыргызстандын ортосунда дипломатиялык мамилелердин түзүлгөнүнө 30 жыл толду.

Кыргызстандын элчилиги дүйнөнүн 20дан ашык өлкөсүндө бар. Андан сырткары консулдук жана визалык пункттар иштеп жатат.(KS)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG