Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:47

Остин: агрессия кайталанбашы үчүн Орусия алсыз болушу керек


Остин жана Блинкен. Польша-Украина чек арасына жакын жер. 25-апрель, 2022-жыл
Остин жана Блинкен. Польша-Украина чек арасына жакын жер. 25-апрель, 2022-жыл

АКШнын коргоо министри Ллойд Остин Орусиянын Украинадагы жоготуулары Кремлдин мындай агрессиясын башка жерлерде кайталоого жол бербейт деп үмүттөнөрүн билдирди. Пентагондун жетекчиси Киев керектүү колдоо алса, согушту жеңерин айтып, украин аскерлеринин аракеттерин жогору баалады.

“Биз Орусиянын катуу алсырап, Украинага басып киргендей жоруктары кайталанбашын каалайбыз. Алар бир топ согуштук потенциалын жоготту. Анын ордун толтура албагыдай калуусун каалайбыз”, - деди Остин Мамлекеттик катчы Энтони Блинкен менен Киевге барып кеткенден кийин.

Визиттин учурунда АКШ Украинага жана өнөктөштөргө дагы 700 миллион долларлык аскердик жардам берери белгилүү болгон.

Айрым эксперттер Остиндин сөздөрүн талдап, Украинага туруштук берүүгө жардамдашуу бир нерсе, ал эми Орусиянын аскердик потенциалын алсыратуу тууралуу сөз кылуу бул таптакыр башка деп белгилешет.

Ал тапта Украинанын Луганск облусунда Кременная шаары орустардын колуна өткөнүн британ Коргоо министрлиги Твиттерге жазды. Маалыматка караганда, орус аскерлери Донецк облусундагы Словянск жана Краматорскиге карай жылууга аракет көрүп, Изюм шаарынын айланасында катуу салгылашуулар жүрүп жатат. Украин аскерлери Запорожьени коргоого даярдык көрүүдө.

XS
SM
MD
LG