Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июнь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:56

Нарсулуу: "Кат турмуш" - миграциядагы кыз-келиндердин үнү


Нарсулуу Гургубаева.
Нарсулуу Гургубаева.

Кыргызстандык акын кыздар Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын эпистолярдык стилде жазылган “Кат турмуш” аталышындагы китеби жарык көрдү.

Авторлордун бири Нарсулуу Гургубаева "Азатыкка"маек куруп, Орусияда миграцияда жүргөн мекендештердин турмушу, тагдырын китеп аркылуу айтып берүүгө аракет кылышканына токтолду.

- Ачык айтканда, чыгарманы жазганда адабияттын эрежесин сактаган жокпуз. Буга чейин жазып жүргөн кыска-кыска чыгармаларды бир сюжеттик линияга бириктирдик. Ошондо кантип берүү жолун ойлонуп, анан кат түрүндө жазууну чечтик. Ойлоп көрсөк, Нуриза Өмүрбаева экөөбүз бир шаарда жашаганыбыз менен убакыт тардыгынан көп жолуга албай, кат жазышат экенбиз.

- Китептин аталышы “Кат турмуш” ошол эле маалда “Жат турмуш” болуп да окулат экен.

- Четте жүргөн ар бир кыргыз кайра мекениме кайтам дейт. Мен 20 жыл жүрсөм дагы Москванын жашоосуна көнгөн жокмун. Биз көнгөн жокпуз, дале жат бойдон калып жатат. Ошон үчүн жат турмуш.

Маектин аудиосун бул жерден угуңуз:
"Кат турмуш" - миграциядагы кыз-келиндин үнү
please wait

No media source currently available

0:00 0:18:13 0:00

- Кыргызстан эгемендикке жеткен отуз жылдан бери мигранттар турмушу, миграция – медианын көңүл борборунан түшпөгөн темалардын бирине айланды. Акыркы учурда көркөм тасма аркылуу да бул темага кайрылып жатышат. Силер миграциянын дагы кандай кырын ачып берейин дедиңер?

- Биз көбүрөөк аялдар темасына токтолдук. Аялдын көз карашы менен жаздык. Эки лирикалык каарман - аялдар. "Биз ушунтип жашап жатабыз, көрүп, билип жатасыңарбы?" деген эле максат болчу башында. Буга чейин миграциядагы турмушту ыр кылып жаздык, маектерибизде айтабыз. Бирок эч нерсе өзгөргөн жок. Миграциянын агымы мурдагыдай эле. Аялдардын миграциядагы тагдыры оңой эмес. Көп аялдар ден соолугунан ажырады. Баарыбыз эле колубузду муздак сууга салып иштейбиз. Айталы, пол, идиш-аяк жууйбуз дегендей, аялдар ушундай жумуштарда иштейт эмеспи. "Москвачылык" деп үй-бүлөсү бузулуп, күйөөсү таштап кеткен аялдар андан көп. Ошонун баарын колубуздан келишинче айтып берели деп чечтик.

- Миграция жаатында иш алып барган мамлекеттик мекемелердин маалыматына таянсак, кыргызстандык мигранттардын 45 пайызы аялдар. Эсиңизде болсо, бир учурда кыздардын мектепти бүтүп эле жапжаш бойдон миграцияга чыгып кетишин мыйзам менен чектөө боюнча талкуулар жүргөн. Бир үй-бүлөнүн тирилигин өткөрүп жаткан кыздар бар. Демек, “Кат турмуш” – ошолордун дагы жан дүйнө чаңгырыгы.

- Ооба, көп адамдардын, кыздар эле эмес эркек балдардын дагы. Жаштыгы, бактылуу боло турган убагы "акча табам, акча табам" деп, "эл сыяктуу той өткөрөм" деген максаттар менен өтүп кетүүдө. Мисалы, Кыргызстанда аябай чоң той өткөрүп, эки жаш үйлөнөт. Бирок ошол той насыяга өткөн болот. Анан эки жаш ошол карызды моюнуна илип алып, миграцияга жөнөп жатпайбы.

Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын “Кат турмуш” китеби.
Нарсулуу Гургубаева менен Нуриза Өмүрбаеванын “Кат турмуш” китеби.

- Кыргызстанга сейрек келесиз. Бирок кайра эле кеткенге шашып каласыз. Мигрант жашоосуна кайра кайтып баргандагы абалды акын кантип сүрөттөйт?

- Дайыма эле өкүнөм. Кыргызстанга келгенде жакындарыма жолугам, сүйлөшөм. Кайра барганда ошолорду сагынып, кусаланып, депрессия болуп, мекенге кетким келерин билем. Бирок өзүм тандап алган жол болгон үчүн өзүм көтөрүшүм керек дейм.

- Биздин миңдеген мекендештердин сезими деле ушундай эле го дейм.

- Ошондой эле сезим болсо керек. Мисалы, ал жакта мигрант болуп начар шарт болуп калса деле жашай бересиң. Анткени, убактылуу деп түшүнөсүң. Ал эми бул жакта бүт шарт түзүп алып жашаш керек болот.

- Ушул жерде мекенден алыс жүргөндөгү кишинин абалын чагылдырган ыр саптары керек болуп турат?

- Миграциядагы жашоого наалып жүргөндө Нуриза Өмүрбаевага арнаган ырым бар эле. Ошону окуп берейин.

Силер жакта жамгыр... Канттиң, саргалдак?
Өзүң менен өзүң кайра калдыңбы?
Жашагандар шамалды ээрчип, жанды алдап,
Жек көрчү эле жанчып жааган жамгырды.

Ай туулду... Жаанчыл экен, кашайгыр,
Дагы бир ай жанчат бизди бул жамгыр.
...Быйыл дагы үйгө барбай жашайбыз,
Кудай салган нерсе башта тургандыр...

Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар.

Өмүр беле, өлкө беле ошол үй?
Ким бакыттын өңүн даана айта алат?
...Кыр-жонуна кызгалдагы төшөлүп,
Каакымдары гүлдөгөндүр кайкалап...

Мен түшүнүп, сен түшүнбөй жалгызбыз,
Жаңырыкпыз аскаларга урунган.
...Жомок сага жолуңдагы сан жылдыз,
Жолуң арбын артты карай бурулган...

Каалаганда чертип, серпип ойногон,
Дүйнө - сага шыңгырак гүл, шыңгырак.
Мени дүйнө таштап кеткен ортодо,
Эми алдыга алдап-соолап жылдырат.

Сен дүйнөңдүн сыныктарын чогултуп,
Күзгү кылып күндө үч маал карандың.
Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме,
Кескиленип бүттүм окшойт, каралдым...

Сен сүйүүнүн өзүн өмүр деп билсең,
Мен өмүрдүн өзүн гана сүйүү дейм.
Жакшылары көкөйүмө жеткирген,
Бирок дале жакшылыктан түңүлбөйм.

…Үйүбүз бар, айта албаган "үйүм" деп,
Жамандыкта, жакшылыкта бир барган.
Ошол үйдө конок тосуп күлүңдөп,
Биз жаркытып жашабаган жылдар бар…

Ошол үйдө жашабаган үчүнбү?
Жылдар үчүн өткөн, өчкөн алыста.
Дүйнө бизге күлмүңдөгөн бир сүйүү,
Дүңгүрөгөн да бир өмүр карыздар.

- “Мен бардыгын жутуп жүрүп ичиме” деп, баш-аягы отуз жылдан бери мигранттар баарына кайыл болуп, чыдап, турмушту оңоого жан үрөп жүрөт. Кыргыз коом үчүн терс жагы да көп болду.

- Туура.

- Кыргызстанда ата-энесиз балдардын мууну өсүүдө деп жазып келе жатабыз. Албетте, мигрант бүлөлөрдүн балдары тууралуу так статистика жок. ЮНИСЕФ уюму үч жылдай мурун 199 миң баланын атасы дагы, апасы дагы миграцияда, 299 миң баланын ата-энесинин бирөө миграцияда деген эсептөөсүн чыгарган. Ал эми расмийлер 72 миңдей бала бар деп айтып келет. Ушул маселеде сиздин пикир кандай?

- Кечээ жакында эле Жогорку Кеңештин депутаттарынын бири балдарын таштап кеткендерди ата-энелик укуктан ажыратуу маселесин көтөрүп жатат. Биз айласыз абалдабыз да. Бир жагынан караганда, ооба ата-эне баласын таштабашы керек. Экинчи жагынан, буга мажбур болууда, зарылчылык, аргасыздык. Ата-энеге шарт түзүп бербей туруп, балдарды таштап кетти деп укугунан ажыратуунун өзү туура болбойт. Айтор, туңгуюк абал.

- Аялдар темасын козгоп калдык. Алыста жүргөндө Кыргызстандагы окуяларга байкоо салып турасыңар да. Ошол эле үй-бүлө зомбулугу деген темалар жаңылыктардын сап башына чыга калып жатпайбы?

- Ушундай жаңылыктарды укканда маселе бизге өтө чоң, коркунучтуу көрүнөт. Бизде адамды адам катары кабыл алуу оор болуп калды. Маселен, ошол зомбулук көргөн аял деле бирөөнүн баласы, чапсаң денеси ооруйт, мунун да кыялы, ой-пикири бар деген түшүнүк тарып кетти.

- Кыргыз коомундагы өнүгүү, өзгөрүүлөр сырттан караганда кандай көрүнөт. Дароо көзгө оркоюп көрүнгөнү эмне?

- Кээде мен коркуп кетем, биз депрессияда окшойбуз деп...

- Коомдун өзү депрессиядабы деппи?

- Ооба, өзү депрессиядабы деп. Анан стресске өтүп, күчөп кетеби деп ойлой берем. Бизде жасалма шаан-шөкөт көбөйдү. Отуз жыл ичинде ар ким ар жакты караган башаламандыктан улам ушундай абалга кептелдикпи деп калам.

- Коронавирус, андан кийин Украинадагы согуш – мунун баары дүйнөгө таасир эткен окуялар болуп жатат. Анын ичинде кыргызстандык мигранттарга урулган сокку оңой болбоду окшойт...

- Баарыбыз туташ, жипке тизилген шурудай элебиз да. Кыйынчылык сезиле баштаганын айтып жатышат. Рублдин куну түштү. Азырынча оорчулук көп байкала элек. Бирок таасири тийбей койбойт.

- Кыргызстандык мигранттар өлкө келечегин, өз келечегин кандай элестетет? Маселен, сиз кандай көрөсүз?

- Башында башкача көрчүмүн. Сөзсүз кайтып келем, алган билимимди өлкөмө жумшайм, өзүмө шарт түзсөм, кайтып өлкөмө кетем дээр элем. Азыр кайтып барышым керекпи, барсам кандай учурда деген суроо коем өзүмө. Анан мен сүйлөшкөн жаштар кайтпай, отурукташып калуунун айласын жасайт. Албетте, бул коркунучтуу – жумушчу күч, билимдүүлөр кетип калса өлкө келечеги кандай болот деген маселе.

- Мигранттар арасындагы кылмыштуулук боюнча. Сиз Орусияда сот системасында котормочу болуп дагы иштеп калбадыңызбы?

- Бала тарбияны, эрежени, наркты үйдөн алыш керек. Көчөдөн эч нерсе албайт, өтө сейрек адамдар гана өзүн түздөп кетиши мүмкүн. Котормочу болуп иштеп жүрдүм, китепте дагы ушундай кылмышка аралашкан каарман бар. Ал дагы карап отуруп, чыгарылган жыйынтык. Баары – үй-бүлөдөн! Кыргызстанда көп ата-энелер балдары чет жакта эмне кылып акча таап, кантип акча салып жатканын билбейт. Жадесе кызыкпайт. Сен кыйналсаң, артка келе бер деп эч качан айтышпайт.

- Мигрантка талап көп.

- Толук кандуу ата-энелик милдетин кылып туруп талап кылса болот эле. Менин байкоомдо же толук тарбия бербей, же балалыгын толук камсыздабаган ата-энелер көп экен. Кылмышка барууга, эреже бузууга дагы ушул жагдай таасирин тийгизет.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG