Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:39

Парламентте бармак изи менен добуш берүүнү киргизүү сунушталды


Парламенттин залы.
Парламенттин залы.

Парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана регламент боюнча комитетинде “Жогорку Кеңештин регламенти жөнүндөгү” мыйзам долбоору талкууланды. Анда депутат Марлен Маматалиев эл өкүлдөрү добуш берүүсүндө Face ID жана Touch ID технологияларын киргизүүнү сунуштады. Коомчулукта депутаттар бири-бирине добуш берип жатат деген сындардан арылуу үчүн ушундай ыкмага өтүү керектигин белгиледи.

Парламенттин иштөө регламентин талкуулаган жыйында депутат Арсланбек Малиев добуш берүүдө “макул”, “каршы” менен кошо “калыс” позициясын киргизүүнү сунуштады.

Коомчулукта депутаттар бири-бирине добуш бергени кескин сынга кабылып келет.

Өлкөдө Баш мыйзам менен кошо парламенттин түзүмү дагы өзгөрүп, депутаттардын саны 120дан 90го чейин азайды.

Былтыр күздөгү шайлоонун жыйынтыгында парламент бир мандаттуу (36 депутат) жана партиялык тизме (54 депутат) менен шайланып келген депутаттардан куралды. Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңеш коалицияга биригип, өкмөт түзүү укугунан ажыратылган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG