Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:59

Европа өнүктүрүү банкы “Центерра" менен келишимди кубаттады


Кумтөр кени. 2021-жыл.
Кумтөр кени. 2021-жыл.

Европадагы реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы (ЕРӨБ) канадалык "Центерра Голд" компаниясы менен Кыргызстан Кумтөр кени боюнча талаштын чечилишин кубаттады. Бул тууралуу Кыргызстандын Британиядагы элчиси Улан Жусупов менен аталган банктын Борбордук Азия боюнча башкаруучу директору Жужанна Харгитай, Кыргызстандагы өкүлчүлүгүнүн аймактык директору Айтен Рустамова менен жолугушуунда айтылганын Тышкы иштери министрлиги (ТИМ) кабарлады.

“Банк Кумтөр боюнча Кыргыз Республикасы менен «Центерра Голд» ишканасынын ортосундагы талаштын чечилишин позитивдүү баалаганын жана бул өлкөнүн мындан аркы инвестициялык пландардын жакшыртуусуна түрткү берерин Харгитай белгиледи”, - деп айтылат билдирүүдө.

Тараптар 21-22-апрелде Лондондо жолугушуп, мындан аркы кызматташтыкты талкуулашкан. ТИМдин маалыматына караганда, Кыргызстан менен ЕРӨБ 30 жылдын ичинде 800 млн. доллардан ашык суммага 207 долбоор ишке ашырышкан.

Президент Садыр Жапаров эки тараптуу макулдашууга ылайык Кумтөр толугу менен Кыргызстандын менчигине өткөнүн жана канадалык компания менен соттук териштирүүлөргө чекит коюлганын 4-апрелде жарыялаган.

“Центерра” да Жапаровдун кайрылуусу башталган учурда билдирүү таратып, кыргыз өкмөтү менен мындай макулдашуу болгонун ырастаган.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин кыргыз өкмөтү 2021-жылдын май айында өз карамагына алган. Буга компания экологиялык эбегейсиз чыгым келтиргени жана ири суммада салыктарды төлөбөй келгени негиз катары көрсөтүлгөн.

“Центерра Голд" компаниясы бул айыптоолорго макул болбой, Кыргызстандын бийлигин Стокголмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG