Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:16

Баткен: айыл ортосундагы бекеттерден жабыр тарткан ишкерлер


Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы.
Иллюстрациялык сүрөт. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арасы.

Баткенде жергиликтүү тургундар район, шаарлардын ортосунда коюлган үч стационардык, эки мобилдик бекет элдин ээн-эркин каттоосуна тоскоолдук жаратканын даттанууда. Парламент депутаттары менен жолугушууда бекеттер коррупциянын булагына айланды деген арыз-даттануулар айтылган.

Жогорку Кеңештин “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын депутаттары 11-майда Лейлек районунда көчмө жыйын куруп, эл менен жолугушуу өткөрдү. Ошол жыйындарда жергиликтүү тургундар район, шаарлар менен айылдар ортосуна коюлган көзөмөл бекеттери ишкерлердин товар ташуусуна, айрыкча, айыл чарбасына зарыл болгон жер семирткич, курулуш материалдарын жеткирүүгө тоскоолдук жаратып жатканын даттанышты.

Депутаттарга кайрылгандардын бири Арсланбек Ташматов Баткенден алып келе жаткан жер семирткичти Лейлекке өткөрө албай бир нече күн убара тартканын айтууда.

“Бизде кайрак жерге арпа, буудай айдагандар бар. Жер семирткичти эрте чачып албаса болбойт. Анан мен айылдагы кыйналган үй-бүлөлөргө "акчасын түшүм жыйнаганда ал" дегенинен карызга берчүмүн. Ошол жер семирткичти Баткенден алып өтө албай он күн турдум. Айдоочулардын күн сайын ал жерде туруп, жеп-ичкенине төлөп чыгым тарттым. Эгин айдоо мезгили өтүп баратканын ким ойлойт? Курулуш материалдарын алып келип жаткандар бар. Бул жактан мал-жандыктарын сатуу үчүн Ошко, Өзгөнгө алып барат. Ал жактан асыл тукум уйларды сатып келишет. Ысыкта машинага жүктөлгөн мал ачка турат. Чек арадан тосуп турса, ага эч ким каршы эмес. Кыргызстандын ичинде тосуп, өткөрбөй жатса нааразы болушат да. "Жер семирткичти кимдер алат, ар бирине кол койдуруп кел" дегенинен эки күн жүрүп элден кол топтодум. Ошентип он күндө араң өткөрүштү. Анан депутаттарга даттанууга туура келди. Беш бекет болсо ошол жерде канча адамды кармап тургандан көрө ошолордун баарын чек арага алып барып, аткезчиликти ошол жерден өткөрбөй карашса жакшы эмеспи”.

"Бүтүн Кыргызстан" фракциясынын депутаттарынын Лейлек районунун Кулунду айыл аймагында жолугушуусу уланып, ага облус, район жетекчилери жана укук коргоо кызматкерлери катышты. Ал жерде да ушул маселе көтөрүлүп, УКМК кызматкерлерине карата сын айтылды.

Жолугушуудан кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирүү таратты. Анда атайын кызмат өкүлдөрү ишкерлерден акча талап кылбаганы, андай учур такталбаганы айтылат. Аталган бекеттер президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн токтомуна ылайык коюлганы маалымдалган.

“Посттун кызматкерлерине нааразылыгын билдирген видеодогу жарандардын бири - 1982-жылы туулган Т.А. мыйзамды одоно бузган, Тажикстанга биздин продукцияларды активдүү сатып жаткандыгы, анын натыйжасында ушундай адамдардын айынан ички рынокто азык-түлүктүн баасынын жогорулашы байкалганы туралуу башкармалыкта маалымат бар”, - деп айтылат УКМК тараткан билдирүүдө.

Баткен облусунун аймагында район, шаарлардын, айылдардын ортосунда коюлуп, товар ташыгандарды көзөмөлдөгөн үч стационардык жана эки мобилдик бекеттер өткөн жылдын күз айларынан бери иш алып барат.

Бул түздөн түз аткезчиликти токтотуу үчүн коюлган, ишкерлер жана жарандардын даттанууларын эске алуу менен кызматкерлерге түшүндүрүү чараларын жүргүзүп, атайын штаб түзгөнбүз дейт президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Маруфхан Тулаев.

Маруфхан Тулаев
Маруфхан Тулаев

Анын айтымында, аталган бекеттер аткезчиликке бөгөт коюп, бир топ натыйжалуу иш алып барууда.

“2021-жылдын 1-октябрында экономикалык коопсуздукту камсыз кылуу максатында Министрлер кабинетинин төрагасынын токтому чыккан. Ушул күнгө карата 25 аткезчилик фактысы катталды. Анын натыйжасында 32 млн. сом казынага түшүрүлдү. Анан ишкерлерге бут тосуу болуп, акча талап кылган учурлар болсо билдиргиле деп облус жетекчиси элге кайрылган. Андан тышкары ушул боюнча атайын штаб да түзгөнбүз. Штабга кайрылса болот. Азыркы күнгө чейин бир да ишкер бизге ошол посттор акча талап кылганы тууралуу кайрылган жок. Азыр дагы бул боюнча түшүндүрүү чараларын күчөтүп, бул багытта иш алып барабыз. Биз да билип турабыз, жазгы талаа иштерине зарыл товарлар, күнүмдүк керектелүүчү товарларды жөнү жок кармабай өткөрүү боюнча аракеттенип иштеп жатабыз”.

Тажикстан менен чек арада аткезчилик токтобой жатканын расмий маалыматтар ырастап турат. Дээрлик күн сайын аткезчилик менен өткөн товарлар кармалганы тууралуу кабарлар чыгууда. Кулунду айылдык кеңешинин төрагасы Шайырбек Орозалиев аткезчиликти токтотуу үчүн өлкө ичинде эмес, чек арада күрөшүү керек дейт.

“Эл өлкө ичинде ары-бери товар ташыйт. Ага айыл өкмөттөн справка сурашат. Айыл аймак башчы аткезчилик менен күрөшүп, чек арадан бир кап селитра өтпөшүнө жооптуу эмес. Аны карай турган чек арачы, бажычы бар. Аткезчиликке баарыбыз каршыбыз. Бирок аны чек арада туруп, ошого жол бербей карай турган милдеттүү кызматтар бар да. Элдин турмушуна түйшүк алып келбей турган кылып иш алып баруу зарыл”.


Баткендеги ишкерлерди колдоо борборунун укуктук маселелер боюнча консультанты Мирлан Давляев аткезчилик менен күрөшүүдө мыйзамдуу, ишкерлерге бут тоспогондой ыкмаларды колдонуу зарыл экенин белгиледи.

“Менимче, бул жерде Тажикстан менен чек арада мыйзамсыз иш алып баргандарды, товарды аткезчилик менен ташыгандарды токтотобуз деген аракет айрым учурда эреже бузбай, мыйзамды сактап иштегендерге кайсыл бир деңгээлде кошумча түйшүк жаратууда. Бул аракет ыктыярдуу, өз эрки менен эреже сактаган ишкерлерди да аткезчилердей тыкыр текшерүү, ар бир документти талап кылуу, кезекке тургузуу маселе жаратат. Ошондуктан аймакта ишердикти жандантабыз, жакшы шарт жаратабыз деген мамлекеттик саясатка зыяны тийбегендей кылып иш алып баруу керек”.

Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын өткөн жылдын апрель айындагы куралдуу жаңжалдан кийин бир тараптуу жапкан. Расмий Бишкек эки тараптуу жалпы каттамдарды толук калыбына келтирүү - чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштери аяктагандан кийин гана карала турганын билдирген. 2021-жылы октябрда кыргыз өкмөтү тажикстандык студенттерге, эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнө жана башка бир катар катмардагыларга чек арадан өтүүгө уруксат берди. Бирок жүк алып өтүүгө уруксат берилген эмес.

Баткен аркылуу коңшу өлкөлөр Кыргызстандан аткезчилик жолу менен азык-түлүк товарларын ташууга аракет кылып жатканын 24-мартта атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирген. Ал Бажы кызматынын түштүк аймагы боюнча бөлүмүнүн аткезчиликке каршы иши өтө начар болуп жатканын сынга алган.

Март айынын соңунда кыргыз өкмөтү айыл чарба товарларынын айрым түрлөрүн экспорттоого убактылуу тыюу салды. Мындай чечим өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана азык-түлүк баасын турукташтыруу максатында кабыл алынган. Министрлер кабинетинин токтому менен алты айга Евразиялык экономикалык биримдигинин аймагынан тыш жакка буудай, ун, өсүмдүк майы, кумшекер, күн карама уругу жана жумуртканы экспорттоого чектөө киргизилген.

УКМКнын Чек ара кызматынын эсебинде, 2021-жылы Баткен облусунун аймагында аткезчилик менен жүк ташыган 170 учур аныкталды. Кармалган мыйзамсыз жүктүн жалпы суммасы 60 млн. сомдон ашкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG