Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:49

Элчилик тажик абагындагы журтташтардан кабар алды


Дүйшөмбүдөгү жазаларды аткаруу мекемеси
Дүйшөмбүдөгү жазаларды аткаруу мекемеси

6-7-май күндөрү Кыргызстандын Тажикстандагы элчилиги түрдүү кылмыштар үчүн соттолуп, ал жактагы абактарда жаткан кыргызстандык жарандардан кабар алды.

Жалпысынан Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык жазасын өтөп жатканы белгилүү болду. Кыргызстанда да ар кандай айып менен соттолгон тажик жарандары бар, бирок алардын так саны азырынча белгисиз.

Өткөн жылдагы чек ара чырынан кийин эки мамлекеттин ымаласы сууп, бири-биринин жарандарын кармап, камаган учурлар болгон.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин өкүлдөрү Дүйшөмбү жана Вахдат шаарларында, Яван районунда түрмөлөрдө жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын төрт жараны менен жолугушкан.

Кыргызстандын Тажикстандагы элчилигинин атташеси Аскарбек Эргешов анда кыргыз жарандарынын кармоо шарттары менен таанышып, алардын укуктары боюнча маселелер көтөрүлгөнүн айтты.

"Иш сапардын жүрүшүндө элчиликтин кызматкерлери жазасын өтөп жаткан Кыргызстандын жарандарын кармоо шарттары менен таанышты. Кыргызстандын соттолгон жарандарына алардын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын комплекстүү коргоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берилди. Бул иштер токтоп калбайт, мындан ары да улана берет. Тынымсыз аракеттер жүрүп турат", - деди Эргешбаев.


Элчилик Тажикстандын тиешелүү кызматтары менен макулдашып, соттолгон жарандар жана алардын Кыргызстандагы туугандары менен видеобайланыш уюштурулган. Тажикстанда кармалып турган атасы менен видеобайланыш аркылуу сүйлөшкөндөрдүн бири “Азаттыкка” буларды айтып берди:

"Элчилик кызматкерлери барып кабар алышты. Биз менен байланышка чыкты. Буга чейин түзмө-түз сүйлөшө албай жүргөнбүз. Акыбалын билдик. "Абалым жакшы эле" деп айтты. Бирок башка өлкөдө, жөнү жок кармалып турган кишинин абалын айтпаса деле түшүнүктүү да. Мурда эч кыймыл жок болчу. Жок дегенде ушинтип кабар алып, абалдарын билип, укуктук жардам бере баштаганы да жакшы. Буюрса эми калган жазасын бул жактан өтөй турган кылып же башка жолун таап бошотуп беришсе деп турабыз".

Кыргызстандын 35 жаштагы жараны Айбек Махмудов өткөн жылы апрель айында Тажикстандагы келинчегин алып келүү үчүн барып, чек араны мыйзамсыз кесип өттү деген кине кармалган. Сентябрда Дүйшөмбү соту аны беш жылга абакка кескен.

Жакындары андан Орусия аркылуу Тажикстанга барып кабар алышканын билдиришти. Анткени, өткөн жылдын апрель айынан бери чек ара жабык турганына байланыштуу бара алган эмес. Таалайбектин балдарын азыр эжеси Диляфруз Бакирова карап жатат.

"Биз сүйлөшпөдүк. Бирок, элчиликтин кызматкерлери барып, кармалгандардын анча-мынчасы менен жолугушту дегенин уктук. Менин иним менен чогуу кармалган Турсунбай деген дагы бирөө бар эле. Ошонун кызы айтты. "Атам менен сүйлөштүк" деди. Бизге эми кезек келсе керек да. Бир жылдан бери бара албай жүрдүк эле. Атам Орусиядан Дүйшөмбүгө учак менен барып, инимден кабар алды. Ал-абалын билип кайтты ушу күндөрү. Жолугушууга биздин элчилик жардам бериптир. Адвокат алалы, башка дагы аракет кылалы десек, консулдуктун кызматкерлери да, иним да, "акчаңарды жөн эле чачып, убактыңарды кетирип, убара болбогула" дешти. Сентябрга чейин күткүлө деп айтышыптыр. Эми ушул маселе көпкө созулуп, канча адамдар бул жакта жакындарынан сарсанаа болуп жатат. Тажикстандын бул жакта да кармалган жарандары бар дешет. Ошолорго алмашабы же башка жолу барбы, жөн эле чек арадан өтүп кетти деген негизде кармалгандарды бошотсо болот эле. Алар атайын күнөө кылбады да".

Кыргызстандын Башкы прокуратурасы, өткөн айда Тажикстандын абактарында 13 кыргызстандык бар экенин, алардын экөө өмүрүнүн аягына чейин соттолгонун маалымдаган. Кошуна өлкөдө абакта отургандардын маселеси Тажикстандын баш прокурору менен пландалып жаткан жолугушууда талкууланышы мүмкүн экени айтылган.

Тажикстанда камалып отургандардын көбүнө чек арадан мыйзамсыз өтүүгө байланыштуу айыптар тагылган. Жакындары аларга айып коюлган негизсиз экенин айтып келет.

Айрыкча чек аралаш аймактарда эки тараптын бири-биринин жарандарын кармоолору өткөн жылы апрелдеги чек ара чырынан кийин күчөгөнүн Баткенде чек ар чырын иликтеп жүргөн Хаитали Айкынов белгиледи:

Хаитали Айкынов.
Хаитали Айкынов.

"Албетте, кармоолордун акыркы убакта көп болгонуна чек арадагы чыңалуунун, өткөн жылдагы окуянын таасири бар. Арада жөнөкөй жарандар жабыркап жатат. Мен Кыргызстанда кармалган Тажикстандын жаранына тилмеч болуп, укуктук иштерине кол кабыш кылдым. Бизде адвокат жалдоо, өз укугун коргоо жаатында абал кошуна Тажикстанга салыштырмалуу дурус эле. Ал жакта кармалып калган мекендештерибиздин укуктук колдоо, жардам алышы, өз укугун коргошуна байланышкан абал оор болуп жатканын ойлоп, мамлекет жардам берип карашы керек дегенди айткым келет. Мындайча айтканда алар өз укугун коргой албай жатат. Эгер эки мамлекет чек арадагы чыңалууну жеңилдетип, мамилени оңдойбуз деген ниет болсо, мындай учурларды жөнгө салууга болот. Чек арадан мыйзамсыз кесип өтүү боюнча берененин жазасы жеңил болчу. Акыркы жылдары эки өлкө биринин артынан бири жазаны өтө эле оорлотуп салышты. Кайсыл өлкө болсо да абалды жеңилдетүүгө ыктаган же оорлотууну шарттаган чечим кабыл алса, кошунадан да ошондой эле жооп болот. Демек, Кыргызстанбы же Тажикстанбы мамилени оңдоого биринчи кадамды ташташ керек. Чечимдерди кабыл алышы зарыл. Кошунадан да ошондой эле жооп болот".


2021-жылы Тажикстандын Согд облусунда эле 39 кыргызстандык чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн соттолгон. Согд облустук сотунун төрагасы Бахтиёр Окилзода Кожент шаарындагы быйыл февралдагы басма сөз жыйынында алардын арасында чек ара жаңжалдарына катышканы үчүн соттолгон Кыргызстандын жарандары жок экенин билдирген.

Кыргызстанда да ондогон тажикстандык жарандар чек араны мыйзамсыз кесип өткөн деген кине менен соттолгон. Алардын айрымдарына чек арадагы жаңжалдарга катышкан деп айып тагылган. "Азаттык” Кыргызстанда канча тажикстандык камакта отурганын тактай алган жок.

Өткөн жылы Бишкектин өтүнүчү менен Тажикстандын бир нече жараны чек арадагы чыр-чатакка катышкан деген шек менен Орусияда кармалган. Бирок орус бийлиги Кыргызстанга өткөрүп берүүдөн баш тартып, аларды бошоткон. Дүйшөмбүнүн өтүнүчү менен Орусияда кармалган кыргызстандыктар да Тажикстанга өткөрүлбөй коё берилген.

Былтыр ноябрда расмий Дүйшөмбү "чек араны мыйзамсыз кесип өттү" деген айып менен кармалган кыргызстандык үч жаранды бошоткон.


Буга чейин 2021-жылдын ноябрында Кыргызстанда да ушундай айып менен кармалган тажикстандык эки жаран кое берилгени расмий маалымдалган.

Быйыл январда Тажикстандагы түрмөдө жазасын өтөп жаткан кыргызстандык жаран каза болгон.

Декабрда Баткен облустук соту Кыргызстанда өмүр бою соттолгон эки тажик жараны Абдурозик Каххоров менен Аскар Юнусовдун жазасын жумшартып, 20 жылга эркинен ажыраткан. Аларга былтыр май айында кармалган жана "тынчтыкка каршы кылмыштар", "талап-тоноо" беренеси менен айып коюлган.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы ымала 2021-жылдын апрель айынын аягындагы кандуу окуядан кийин солгундап кетти. Андагы жаңжалда Кыргызстан тараптан 36 киши каза болуп, 154ү жаракат алган. Ондогон үйлөр жана башка имараттар, автоунаалар өрттөлгөн. Тажикстан тараптан 19 адам мерт болуп, 87си жабыркаганы расмий кабарланган.

Бул окуядан кйиин Кыргызстан Тажикстан менен чек арасын бир тараптуу жапкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG