Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Чек арада окко учкан аскердин үй-бүлөсү жардам сурады


Хусниддин Хажиев уулу менен (үй-бүлөлүк архивден)
Хусниддин Хажиев уулу менен (үй-бүлөлүк архивден)

Кыргыз-тажик аскерлеринин былтыркы ок атышуусунда курман болгон чек арачы Хусниддин Хажиевдин үй-бүлөсүнө Баткен шаарынан берилген үйдүн документтери жергиликтүү каттоо кызматы тарабынан алынып ушул күнгө чейин кайтарыла элек.

Баткен шаар башкармалыгы муну Хажиевге жана аны менен чыр-чатакта чогуу болгон аскерлерге кылмыш иши козголгону менен түшүндүрдү.

Чек арачы Хусниддин Хажиев былтыр 8-июлда Лейлектеги Көк-Жайлоо аймагында кыргыз жана тажик аскерлеринин ортосундагы ок атышууда курман болгон. Кийинчерээк президент Садыр Жапаров маркумдун жакындарына көңүл айтып, жоокердин үй-бүлөсүнө үй берүүнү тапшырган.

Былтыр апрель, май айларында болгон кандуу жаңжалда курман болгондордун жакындары менен бирге Хажиевдин үй-бүлөсү да Баткен шаарынан алыс эмес жерде жаңыдан түптөлгөн Мадина шаарчасынан күзүндө үйлүү болот.

Чек арачы Хажиев келинчеги Орунбаева жана уулу менен.
Чек арачы Хажиев келинчеги Орунбаева жана уулу менен.

Маркумдун аялы Мохина Орунбаева үй берилгенден үч ай өтүп-өтпөй Баткен шаар башкармалыгы үйдүн документтерин кайтарып алганын, бирок ушул күнгө чейин бере электигин айтат. Буга Хажиев жана анын жанында болгон аскерлердин үстүнөн соттук териштирүү жүрүп жатканы себеп болгон.

“Кызыл китебин кайтарып алып койгон. Дагы эле үй берилбей ошо бойдон турат. Мен документтерди сурап барсам “прокуратура булардын документин бербей тургула деп токтотуп койгон” дешти. Менин күйөөмдүн жана анын жанында бирге болгон аскерлердин үстүнөн сот болуп жатат. Ошол соттук териштирүү бүтсө үй берилет. Бирок берилбей калшы да мүмкүн деп айтышты”.

Бул окуянын чоо-жайын сурап Баткен шаар башкармалыгына кайрылганыбызда, мекеменин өкүлдөрү Хажиевдин үй-бүлөсүнө жаңы бүткөн там берилгенин, бирок анын жеке номурундагы катасын оңдоо үчүн каттоо кызматы үйдүн документтерин кайтарып алганын ырасташты. Кийинчерээк Хусниддин Хажиев жана анын жанында чогуу болгон чек арачылардын ошол кездеги аракетине байланыштуу кылмыш иши козголгондуктан үйдүн документтерин кайтаруу убактылуу токтотулган дейт Баткен мэриясынын маалымат катчысы Данияр Улмасов.

Баткен мэриясынын маалымат катчысы Данияр Улмасов
Баткен мэриясынын маалымат катчысы Данияр Улмасов

“Мадина шаарчасында берилген үйлөрдүн жеке номурундагы катачылыктардан улам Мамлекеттик каттоо кызматы тарабынан баардык үйлөрдүн документтери чогултулуп алынып, кайрадан жасалган. Ал эми Хусниддин Хажиевдин үй-бүлөсүнө таандык болгон үйдүн документи ал аскердин чек арадагы аракети боюнча кылмыш иши козголуп, аягына чыга электигине байланыштуу документ убактылуу берилбей турат. Эгерде Хажиевдин үстүнөн козголгон кылмыш иши жоюлуп, акталгандыгы тууралуу соттун чечими чыккан болсо, аны алып келип Баткен каттоо кызматынан документтерди кайра алып кетсе болот”.

Хусниддин Хажиев жана анын жанында чогуу болгон эки аскердин жүрүм-туруму, чек ара эрежелерин одоно бузгандыгы боюнча тергөө иштери 2021-жылдын 8-июль күнү Лейлек районундагы кыргыз-тажик чек ара аймагында катталган окуядан кийин эле башталган.

Кылмышты тергөө иштерин Кадамжайдагы аскер прокуратурасы жүргүзгөн. Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидиновдун берген маалыматына ылайык, Хусниддин Хажиев жана дагы эки чекарачыга Кылмыш-жаза кодексинин 393-беренеси ("Чек ара кызматын өтөө эрежелерин бузуу") боюнча айып коюлган. Каза болгондугуна байланыштуу ефрейтор Хусниддин Хажиевдин кылмыш иши ушул жылдын февраль айынын этегинде кыскартылган.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов
Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын башчысы Сирожиддин Камолидинов

“Чындыгында аскер прокуратурасында каза болгон Хажиевдин үстүнөн кылмыш иши болгон экен. Бизде реабилитациялык эмес негиздемелер бар да. Айыпкердин каза болгондугуна байланыштуу кылмыш иши кыскартылып, анын жанындагы адамдардын үстүнөн кылмыш иши сотко өтүп, сот жүргөн. Үйдүн документине прокуратуранын тиешеси жок. Бизден суралган да эмес. Эмне себептен документтер кайтарылбаганы бизге белгисиз”.

Лейлек райондук сотунун 18-апрелде чыккан өкүмүнө ылайык, чек арачылар И.У. жана У.З. Кылмыш-жаза кодексинин 393-беренеси боюнча күнөөлүү деп табылып, 4 жылга эркиндигинен ажыратылган. Ошол эле учурда Кылмыш-жаза кодексинин 82-беренесинин негизинде белгиленген 4 жылдык эркиндиктен ажыратуу түрүндөгү жазадан бошотуу менен 2 жылга пробациялык көзөмөл белгиленген.

Азырынча маркум Хажиевдин үй-бүлөсүнө там кайтарылабы белгисиз.

Хусниддин Хажиев Чек ара кызматынын №2021 аскер бөлүгүнө караштуу “Таш-булак” чек ара бекетинде чарба бөлүмчөсүнүн командири болуп турган.

Маркумдун артында келинчеги жана эки уулу калды. Экинчи уулу атасы курман болгондон кийин төрөлгөн.

  • 16x9 Image

    Сабыр Абдумомунов

    "Данисте" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Бир нече радионун түптөлүшүнө салым кошкон. Мульти-медиалык журналистика боюнча тренер.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG