Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:11

Лейлекте издөөдө жүргөн тажик жараны кармалды


Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.
Шектүүнүн милиция тараткан сүрөтү.

Баткендин Лейлек райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери издөөдө жүргөн 40 жаштагы тажик жаранын кармашты. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги кабарлады.

Милициянын маалыматында, 2018-жылы Тажикстандын Согд облусунун тургуну Кыргызстанда “мыйзамсыз ишкерлик жана аткезчилик” беренесине шектелип издөө жарыяланган. Учурда шектүү милициянын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери башталды.

Азырынча Тажикстандын расмий органдары Кыргызстанда кармалган жараны боюнча комментарий бере элек. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG