Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:54

МАГАТЭнин башчысы Чернобылдагы радиация нормалдашканын айтты


Чернобыл атомдук электр станциясы.
Чернобыл атомдук электр станциясы.

Бириккен Улуттар Уюмунун Атомдук энергетика боюнча эл аралык агенттиги – МАГАТЭнин башчысы Рафаэл Гросси Украинанын Чернобыл атомдук электр станциясындагы радиациянын деңгээли нормалдуу чекке түшкөнүн маалымдады. Бул тууралуу ал 27-апрелде Франс-пресс агенттигине айтты.

Гросси станцияны орусиялык аскерлер кайтарып турган учурда оор техникалардын айынан радиация “өтө кооптуу” абалга жеткенин, азыр ал басаңдаганын кошумчалады. Ал ЧАЭСке 26-апрелде, станциядагы 1986-жылкы кырсыктын жылдыгына карата барган.

Орусия Украинага кол салган алгачкы күнү – 24-февралда эле Чернобыл атомдук электр станциясын басып алышкан. Аны марттын аягында гана таштап чыгып кетишти.

Украинанын өкүлдөрү орусиялык аскерлердин эң кооптуу деп саналган “сары токойдо” согуштук окоп казганы да радиациянын деңгээлин көтөргөнүн, жоокерлер өздөрү да катуу ууланганын билдирүүдө.

Украинанын президенти Владимир Зеленский “Чернобылдагы кырсыкты Орусия унутуп калса, дүйнө буга көңүл буруп, Москвага эскертиши керектигин" билдирген.

Орусиялык аскерлер Чернобыл атомдук электр станциясын басып алган бир айдай убакытта андагы кызматкерлер алмашпай иштөөгө аргасыз болушкан. Алар орусиялыктар чыгып кеткенден кийин гана алмашкан. (ErN)

Facebook шеринеси

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG