Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июль, 2022 дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:17

Июнь коогасы: Президент Жапаров суракка кирип чыкты


Башкы прокуратура тарабынан президент Садыр Жапаров 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча күбө катарында суралды. 27-апрель, 2022-жыл.

Президент Садыр Жапаров дагы Июнь коогасына байланыштуу күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыкты. Буга чейин башкы көзөмөлдөөчү органдын басма сөз кызматы анын сурак бере турганын бышыктаган.

Садыр Жапаров 2010-жылы Апрель ыңкылабына чейин Мамлекеттик кадр кызматына караштуу Коррупциянын алдын алуу боюнча агенттиктин директору болуп турган.

2010-жылдагы Июнь окуясын иликтөөнүн алкагында, 25-апрелде УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев күбө катары Башкы прокуратурага сурак берип чыккан. Ал мындан 12 жыл мурдагы коогалаң үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүн айыптаган.

Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурада 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча күбө катары суралууда.
Президент Садыр Жапаров Башкы прокуратурада 2010-жылдагы Июнь окуясы боюнча күбө катары суралууда.

Эл аралык жана улуттук комиссия кортунду чыгарган 12 жыл мурдагы окуя боюнча иш саясий сооданын куралы болбой, чыныгы күнөөсү барлардын аты аталып, жабыркагандардын көксөөсүн сууткан жыйынтык чыгышы керек дегендер да бар.

Улуттук коопсуздук боюнча комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев 2010-жылдагы Июнь коогасына байланыштуу күбө катары сурак берип чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Ал өз сөзүндө ошол кездеги каргаша үчүн Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнүн иш-аракетин сындады. Жалал-Абаддагы өзбек улуттук маданий борборунун мурдагы президенти, Жогорку Кеңештин экс-депутаты, маркум Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кеткен жагдайы иликтенип, күнөөлүүлөр жоопко тартылышы керектигин билдирди:

“2010-жылдагы Июнь окуясына байланыштуу чакырышыптыр. Билгендеримди айттым. Буга чейин мамлекеттик жана депутаттык комиссиялардын отчетторунда Июнь коогасына негизги күнөөлүүлөр Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү экени айтылган. Алар түштүктө өз таасирин жана бийлигин сактап калууга аракет кылып, жергиликтүү жикчилдерди (сепаратисттерди) колдоп, алардын мүмкүнчүлүктөрүнөн пайдалангысы келип, мындан улам улуттар аралык кагылышуу чыккан. Натыйжада, 500гө жакын адам өлүп, миңдеген адам жараат алган. Мамлекетке чоң зыян келтирилген, мындан тышкары ошол учурдагы бийликтин аракетсиздиги жана Кадыржан Батыровдун ким менен сүйлөшүп, кантип четке чыгып кеткени иликтениши керек”.

Башкы прокуратурадан 2010-жылдын май-июнь окуяларында Жалал-Абад шаарындагы өзбек диаспорасынын лидери Кадыржан Батыровдун Кыргызстандын аймагынан тоскоолдуксуз чыгып кеткени боюнча козголгон кылмыш иши тергелип жатканын маалымдашты.

Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынын жетекчиси Сирожиддин Камолидинов ошол учурдагы жана азыркы кызмат адамдарынан 15 киши бул учур боюнча сурак берип жатканын кабарлады:

“Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренесинин негизинде козголгон кылмыш иши тергелип жатат. Бүгүнкү күндө, аталган кылмыш ишинин алкагында, Жалал-Абад облустук мамлекеттик администрациянын мурдагы башчысы Бектур Асанов, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн мүчөлөрү Өмүрбек Текебаев, Азимбек Бекназаров, ошол учурдагы Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Кеңешбек Дүйшөбаев, апрель-июнь окуялары боюнча Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊешинин убактылуу комиссиясынын төрагасы Токон Мамытов, Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан Бекназаров, Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин ошол учурдагы биринчи орун басары Бакыт Алымбеков, ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, Ош шаарынын мурдагы мэри Мелис Мырзакматов, Кыргыз Республикасынын Убактылуу өкмөтүнүн ошол учурдагы аппарат башчысы Эмилбек Каптагаев, Кыргыз Республикасынын мурдагы коргоо министри Исмаил Исаков, Жалал-Абад облустук администрациясынын губернаторунун ошол учурдагы орун басары Жумагүл Эгембердиева, Жалал-Абад шаарынын ошол учурдагы мэринин милдетин аткаруучу Максатбек Жээнбеков, Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын мурдагы башчысы Жаныбек Жоробаев жана аталган комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиев күбө катары суралышты. Азыркы учурда кылмыш иши боюнча тиешелүү тергөө амалдары уланып жатат, анын жыйынтыгына ылайык тийиштүү кызмат адамдарынын аракеттерине юридикалык баа берүү менен мыйзам чегинде чечим кабыл алынат”.

УКМК туура бир жыл мурда 2010-жылдагы Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрүнө козголгон кылмыш иши кайра тергеле баштаганын билдирген. Анда кылмыш иши Кадыржан Батыровдун өлкөдөн чыгып кетишине байланыштуу экенин кабарлаган. Анын алдында президент Садыр Жапаров атайын кызматка Июнь окуясындагы материалдарды кайра иликтөөнү тапшырган.

Мындан 12 жыл мурдагы кандуу окуянын чоо-жайы, келип чыгуу себептери, кесепеттерин мамлекеттик, депутаттык андан кийин эл аралык көз каранды эмес комиссия иликтеп, өз корутундуларын чыгарып, ондогон адамдар кылмыш жоопкерчилигине тартылганына карабай, коомчулукта бул окуяга саясий жана укуктук баа бериле элек, чыныгы күнөөкөрлөрү жазага тартылган жок деген пикирлер айтылып келет.

2010-жылы Июнь окуясы орун алган учурда Убактылуу өкмөттүн түштүк аймагы боюнча атайын өкүлү, коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп турган Исмаил Исаков кылмыш иши тууралуу мындай деди:

"Албетте, бул иштин артында саясий маселе бар. Азыркы азаматтар ошол учурда Курманбек Баикевдин колдоосундагы партия менен депутат болуп келишкен. Ошондо бул ишти карайбыз деп катуу аракет кылган. Ошол учурда парламентте да каралып, бир нече комиссия жыйынтык чыгарган. Чечимдер кабыл алынган. Мамлекеттин жана элдин бейпилдиги, стабилдүүлүгү биринчи орунга чыгышы керек. Ошол учурдагы улут аралык маселени козгоо опурталдуу маселеге айланып, башка жактарга пайдаланылып кетиши да мүмкүн. Мен экономика жана башка толгон-токой иштер менен алектенишсе деп айткым келет. Мамлекеттин кызыкчылыгы баарынан жогору турат."

Убактылуу өкмөттүн мүчөсү, Жалал-Абад облусунун ошол учурдагы губернатору Бектур Асанов тергөө аягына чыгып, сот чечимин чыгарууга мезгил келди дейт. Бирок ал каргашалуу окуя жалпы тергелбей, Кадыржан Батыровдун ишинин гана өзүнчө бөлүнүп каралышы мандемдүү экенин белгиледи.

“Июнь окуясы боюнча тергөө аяктап, сот чечим чыгарса жакшы болот эле. Себеби ал жерде эч кандай кылмыш жок. Улам эле созуп, анан бир иш эсине түшкөндө маселени козгой берүү кимге кызык? Июнь окуясындагы бир эпизодду бөлүп алып кароодо кызыкчылык бардай. Себеби ошол эпизоддо суракка чакырып, кысымчылыкка ала турган кээ бир адамдар болушу мүмкүн. Азыр ушул окуяларды бетке кармап, тергеп, суракка чакырып оппозициянын же сын айткандардын оозун жабабыз дешсе, жаңылышат. Анткени андай ыкманын доору өткөн”.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты, Июнь окуясы боюнча өз алдынча иликтөө иштерин жүргүзгөн Жылдызкан Жолдошева Ош окуясы саясатчылардын, бийлик менен оппозициянын соодалашуу куралы болбошу керек деген пикирде:

Жылдызкан Жолдошева.
Жылдызкан Жолдошева.

“Азыркы бийлик принципиалдуу түрдө иликтеп, аягына эмнеге чыгарбай жатат деген суроо кызыктырат мени. Эгер аягына чыгарабыз дешсе, азыркыга чейин эле аягына чыгыш керек эле. Анткени, каза болгондордун жакындарынын ушу күнгө чейин көксөөсү сууп, көңүлдөрү тынчый элек. Эгер "Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү күнөөлүү" дей турган болсо, анда ошол мезгилдеги Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү кызматка эмнеге барып жатат? Эми Убактылуу өкмөттүн кайсыл бир мүчөсү өз ой-пикирин айтып койсо эле Июнь окуясы соодалашуу же бирөөнү коркутуу, өз оюн айттырбай баса калуу болбошу керек. Кандуу окуяны курал кылууга болбойт. Анткени бул тергөөнү каалаган маалда ачып, каалаган маалда кайра токтотуп коё турган маселе эмес. Ачылдыбы аягына так, ачык-айкын чыгаруу абзел. 2016-жылы Атамбаев Убактылуу өкмөт менен тирешип, Ош окуясын иликтей баштаган. Күбө катары мен да маалымат бергем. Анан эле кайра ымалага келишип, белгисиз жагдайда иш жабылган. Саясий соода болбошу керек”.

2010-жылкы Июнь окуясына биринчи баа коогалаңдан бир жылдан кийин бериле баштаган. Киммо Кильюнен башында турган Эл аралык комиссия 2011-жылдын май айында корутундусун жарыялап, Июнь окуяларын “аскердик кылмыш же геноцид эмес” деп тааныган. Тыянакта комиссия айрым жагдайларды "адамзатка каршы кылмыш" деп баалаган.

Эл аралык комиссия ошондой эле коогалаң апрель окуясынан кийинки саясий кырдаалдан улам чыгып кеткенин, бирок, өзбек коомчулугу тарабынан жикчил маанай тастыкталбаганын билдирген. Ошол кезде бул баага өкмөт менен Жогорку Кеңеш макул болбой, Кильюненди Кыргызстанга киргизүүгө тыюу салган.

Ошол эле 2011-жылы Абдыганы Эркебаев башчылык кылган Улуттук комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жасап, куралдуу кан төгүүгө Кадыржан Батыров башында турган сепаратисттик күчтөрдү, качкын президент Курманбек Бакиевдин жактоочуларын жана "кырдаалды туруксуздаштырууга кызыкдар сырткы күчтөр себепкер болду" деген корутунду чыгарган.

Абдыганы Эркебаев жетектеген мамлекеттик комиссия мындан сырткары окуянын алдын албаганы үчүн Убактылуу өкмөттү күнөөлөгөн. Кийин Токон Мамытов жетектеген Жогорку Кеңештеги комиссия да коогалаң боюнча иликтөө жүргүзүп, окуянын чыгышына Кадыржан Батыров, Иномжан Абдрасулов, Жалалиддин Салахуддинов, Карамат Абдуллаева сыяктуу сепаратисттик саясатчылардын аракеттери себепчи болгон деп тапкан. Депутаттар кооганын башталышына уюшкан кылмыштуу топтордун, наркобизнестин да салымы бар деп жыйынтык чыгарган. Бирок комиссия мүчөлөрү бири-бири менен макул болбой, үч бүтүм жарыялашкан.

Расмий маалыматтар боюнча 2010-жылдагы июнь окуясында 446 адам каза болуп, 2 миңге чукул жаран ар кандай деңгээлде жараат алышкан. Ошол окуя учурунда 57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу ушул күнгө чейин табыла элек.

Коогалаң учурунда укук коргоо органдарына жана аскер бөлүктөрүнө тиешелүү 1058 ок атуучу курал, жүз миңден ашуун ок-дары жоголгон. Мындан сырткары алты чопкутталган аскер техникасы мамлекеттик органдардан тартылып алынып, кийин кайра кайтарылган. Көрүлгөн чаралардын негизинде 632 курал-жарак жана ар түрдүү калибрге түшчү 90 миңге чукул ок-дары күч органдарына өткөрүлүп берилген.

Курал-жарактарды тартып алуу жана шалаакылык боюнча 66 кылмыш иши козголуп, анын 52синин бети ачылган. Сотко мына ушундай мүнөздөгү 38 кылмыш иши өткөрүлүп берилип, 55 аскер адамына айып коюлган. Алардын арасынан куралды тарттырып жиберүүгө өбөлгө түзгөн кырдаалга жараша деген негиз менен 27 аскер адамынын кылмыш иши кыскарганы белгилүү.

Июнь окуясы: 10 жыл мурун эмне болгон?
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:08 0:00

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG