Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 05:20

Жалал-Абад: Батыровго таандык 37 млн сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жалал-Абад шаарында 2010-жылдагы Июнь коогалаңынын уюштуруучуларынын бир катары соттолгон Кадыржан Батыровго таандык болгон 37 миллион 480 миң сомдук мүлк мамлекетке кайтарылды.

Башкы прокуратуранын 17-февралдагы маалыматына караганда, 15 сотка аянты бар спорт залын мамлекеттин карамагына өткөрүү тууралуу доо арыз толук канааттандырылды.

Мекеме билдиргендей, 2013-жылы Сузак райондук сотунун токтому менен “Эл достугу” университетинин 36 соткалык жери бар окуу корпусу мамлекетке чегерилген, бирок анын жанындагы спорт залы конфискация болгон мүлктүн тизмесине кирбей калган.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты, Жалал-Абаддагы мурдагы өзбек улуттук-маданий борборун жетектеген Кадыржан Батыровго 2010-жылы Кыргызстанда "улут аралык жаңжалды козуткан", "жикчилдикке чакырган", "калайман башаламандык уюштурган" деген айып тагылган жана ал өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылып, 2011-жылы бардык мүлкү соттун чечими менен конфискацияланган. Батыровго жана жубайы Карамат Батыровага таандык 28 объект камакка алынып, кийин соттун чечими менен мамлекеттин пайдасына өткөрүлгөн.

Июнь окуяларынан кийин өлкөдөн чыгып кеткен Батыров 2018-жылы 4-декабрда Украинанын Одесса облусунда көз жумган. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG