Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:15

Британия Орусиянын Донбасстагы жикчилдерди таануу аракетин айыптады


Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс.
Британ тышкы иштер министри Лиз Трасс.

Британия Орусиянын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп аталган жикчилерди өз алдынча мамлекет катары таануу аракетин кескин айыптап чыкты. Британ тышкы иштер министри Лиз Трасстын билдирүүсүндө мындай аракет Минск келишимине каршы келерин жана ал диалогдун бүткөнүн, конфронтациянын башталышын түшүндүрөрү белгиленет.

15-февралда Орусиянын Мамлекеттик Думасы Украинанын чыгышындагы өздөрүн "Донецк элдик республикасы" жана "Луганск элдик республикасы" ("ДНР" жана "ЛНР") деп атап алган жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактардын көз карандысыздыгын таануу өтүнүчү менен президент Владимир Путинге кайрылган.

Коммунисттик партия даярдаган тиешелүү токтом долбоорун 351 депутат колдоп, 16 эл өкүлү каршы, бирөө калыс болгон. Токтомдо украин бийлиги Луганск жана Донецк облустарындагы "тарыхый жактан калыптанган турмуш-тиричиликтин нормаларына сабырсыз болуп калды" деп жазылган.

2014-жылы Орусия Крымды аннексиялагандан көп өтпөй Украинанын чыгышында Москва колдогон жикчилдер менен украин армиясынын ортосунда кармаш тутанган. Андан бери Донбасста 14 миңдей адамдын өмүрү кыйылды.

Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба Орусиянын жикчилдер көзөмөлдөгөн аймактарды расмий таануу аракети Москванын Донбасстагы жаңжалды жөнгө салуу боюнча Минск келишиминен чыкканына тете экенин айтты.

Дума соңку документти орус-украин чек арасында кырдаал чыңалып турган учурда кабыл алды. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG