Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:30

Венгрияда кылмыш торуна илинген кыргыз жараны


Венгриянын Сербия менен чек арасында мигранттар үчүн түзүлгөн транзиттик аймак, 6-апрель 2017-жыл.
Венгриянын Сербия менен чек арасында мигранттар үчүн түзүлгөн транзиттик аймак, 6-апрель 2017-жыл.

Венгрияда Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары "мыйзамсыз мигранттарды ташууга" шек саналып кармалды. Мажар полициясы билдиргендей, алар сириялык жана ооганстандык жарандарды Батыш Европаны көздөй ташып баратканда колго түшүрүлгөн.

Венгриянын полициясы январь айында мыйзамсыз мигранттарды ташып бараткан кыргызстандык, украиналык жана молдовалык үч айдоочу кармалганын 8-февралда билдирди.

Маалыматка ылайык, 7-январдан 8-январга караган түнү Венгриянын түштүгүндөгү Сербия менен чектеш Бач-Кишкун аймагынын үч башка бөлүгүндө үч автоунаа токтотулган.

Кыргызстандын, Украинанын жана Молдованын жарандары айдап бараткан бул автоунааларда баш-аягы 26 мыйзамсыз мигрант болгон. Мигранттар өздөрүн Сириянын жана Ооганстандын жарандары деп мүнөздөшкөн. Алар тек-жайын бышыктоочу, Венгрияда мыйзамдуу жүрүүгө уруксат берүүчү документтерин көрсөтө алган эмес.

"Бул айдоочулар чек араны бузуп киргендерди Батыш Европага жеткирүүнү көздөгөн деп шек саналып жатышат. Андыктан Бач-Кишкун полициясынын миграция боюнча департаменти аларга каршы "адам сатуу" кылмышына барган деп бекем бышыкталган айып менен иш козгоду. Чет өлкөлүктөр кармалды жана сурактан кийин аларды камоо чечими чыкты. Венгриянын учурдагы мыйзамдарына ылайык, сурактан кийин мигранттар чек арадагы убактылуу жайга кайтарылат", - деп билдирди мажар полициясы.

Расмий маалыматта чет өлкөлүк айдоочулардын аты-жөнү, алардын бири-бирине байланышы бар же жок экени, алардын мотиви жана мигранттарды кайсы маршруттар менен ташып баратканы так көрсөтүлгөн эмес. Полиция жарыялаган сүрөттөрдөн айдоочулар минивен автоунааларын айдап баратканын болголоого болот.

Венгриянын полициясы "Азаттыкка" электрондук кат аркылуу жооп берип, тергөө иши уланып жаткандыктан бул окуя тууралуу толук маалымат бере албай турганын билдирди. Анын маалыматына ылайык, соңку бир жыл ичинде Венгрияда кыргызстандык айдоочулар аралашкан мындан башка окуя катталган эмес.

Кыргыз жаранынын бүдөмүк тагдыры

Сербия, Венгрия жана Румыниянын чек арасында топтолгон мигранттар 16-декабрь 2020-жыл.
Сербия, Венгрия жана Румыниянын чек арасында топтолгон мигранттар 16-декабрь 2020-жыл.

Венгрияда Н.Ж. аттуу кыргыз жараны кармалганын Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги "Азаттыкка" ырастады.

Министрликтин Маалымат департаментинин директору Нурлан Суеркуловдун айтымында, кыргыз тарап Венгрияга бул жарандын камакка алынышынын жагдайлары, ага коюлган айыптар, адвокат жана котормочу жөнүндө маалымат берүү өтүнүчү менен нота жолдоду.

Мындан тышкары 14-февралда Венгриядагы кыргыз элчилигинин эки кызматкери Будапешттен болжол менен 170 чакырым алыстыктагы Кишкунхалаш шаарындагы тергөө абагында отурган бул кыргыз жаранынын абалы менен таанышып келди.

"Н.Ж. мамлекеттик түрмөдө кармоо шарттары канааттандырарлык экенин, Венгриянын укук коргоо органдарынын өкүлдөрү тарабынан ага эч бир психологиялык кысым жасалбаганын, камерада чогуу отургандар менен кандайдыр бир көйгөйлөр болбогонун белгилеген. Тамак-аш берилүүдө. Н.Ж. ден соолугунун абалы жакшы деп белгиледи. Элчилик процесске консулдук коштоосун камсыз кылууда", - деди Нурлан Суеркулов.

Кыргызстандын Будапешттеги элчиси Талант Кушчубеков кыргыз жараны төрт сириялык жаранды ташып бара жатканда кармалганын, анын иши эки айдын ичинде сотто каралышы мүмкүндүгүн "Азаттыкка" учкай маалымдады.

Азырынча мыйзамсыз мигранттарды ташууга шек саналган айдоочуларга так кандай айып коюлуп жатканы белгисиз болгондуктан, сот аларга абак жазасын чектери же өлкөдөн чыгаруу чечимин чыгарары бүдөмүк болуп турат.

Венгриядагы кыргыз диаспорасынын активисти Санжар Мавлянов кылмыш торуна илингени айтылган жарандын таржымалы тууралуу бул өлкөдөгү мекендештердин арасында дээрлик маалымат жок экенин "Азаттыкка" билдирди. Ал мурда да Венгрияда кыргыз атуулу аралашканы айтылган буга үндөш окуя болгонун айтып берди.

"Социалдык тармактарда Венгрияда болуп жаткан жаңылыктарды караганыбызда буга чейин да ушундай окуя болгон. Кыргызстандын бир жараны Румыниядан Венгрияга кирген. "Жасалма документ менен адамдарды ташууга" шек саналып кармалган. Ошол кезде "Интерполдун" жардамы менен кармалган деп айтылган. Бул жаран Кыргызстанга депортацияланган. Негизи эле Венгрия булактарында мындай маалыматтар тез-тез чыгып турат. Бирок кыргыз жаранынын болгону өкүнүчтүү", - деди Мавлянов.

Венгриядагы мигранттарга каршы маанай

Венгр-украин чек арасындагы украиналык мигранттар, 30-март 2020-жыл.
Венгр-украин чек арасындагы украиналык мигранттар, 30-март 2020-жыл.

Кантсе да соңку окуя Борбордук Европадагы бул өлкөдө мигранттарга каршы маанай кайра күч алып турган учурда болду.

Венгрия куралдуу чыр-чатактар уланып жаткан Сирия, Ирак жана Ооганстан сыяктуу өлкөлөрдөн чыккан мыйзамсыз мигранттарды Батыш Европага жеткирген Батыш Балкан маршрутунун боюнда жайгашкан.

2015-жылдан бери миңдеген мигранттар Түркия, Грекия, Түндүк Македония аркылуу Сербияга келип, андан соң Венгрия аркылуу Европанын башка өлкөлөрүнө жетүүгө аракет кылып келет.

Соңку жылдары "авторитаризмге ыктады" деген айыптоолорго туш болуп келаткан мажар премьер-министри Виктор Орбандын өкмөтү мыйзамсыз миграцияга катаал чара көрүп, Сербия жана Хорватия менен чек арасында электр тогу өткөрүлгөн тосмолорду орноткон. Мажар бийлиги өз аймагында кармалган мыйзамсыз мигранттарды кайра Сербияга жеткирип турат.

"Биз иммигранттардын өлкөсү болгубуз келбейт", - деп айткан эле бир нече апта мурда Виктор Орбан.

Венгриянын мындай саясаты Европа Биримдигинин өзүндө кескин сынды жана талаш-тартыш жаратып келет. Айрым байкоочулар Орбандын өкмөтү апрелдеги парламенттик шайлоо алдында иммиграцияга каршы риторикасын ого бетер күчөткөнүн айтышууда. Мындай пикирге Будапештте жашаган кыргызстандык Санжар Мавлянов да кошулду.

"Негизи бул Венгрияда болуп турган татаал маселе. Азыркы бийликтин негизги саясий платформасы деп мүнөздөлөт. Мунун популизмдик да, чындык да жактары бар. Азыркы өкмөт аскерлерин Сербияга, Түндүк Македонияга жөнөтүп, ошол жактан миграцияны токтотобуз деп жатат. Мамлекеттик телеканалдар мындай маалыматтарды байма-бай берет. Бул бир саясат. Азыркы өкмөттүн негизги платформасы. Экинчиси - быйыл Венгрияда парламенттик шайлоо өтөт. Ошондуктан миграция маселеси дагы татаалдашып, булактарда да көп айтыла баштады. Мындай окуялар жөнөкөй учурларда деле болуп турат. Бирок резонанс жараткан учурлар шайлоо алдында көп болот", - деди Мавлянов.

2014-2015-жылдары күчөгөн миграция кризиси Европа Биримдигинде кайчы пикирлерди жаратып койгону белгилүү. Айрым европалык лидерлер мыйзамсыз мигранттарды акчага ташыган уюшкан топтордун бар экенин эскертип келет. Венгрияда кармалган кыргыз жаранынын мындай топторго канчалык тиешеси бар экени азырынча белгисиз.

Ошентсе да соңку окуя Европадагы кылмыштуу аракеттерде Кыргызстандын аты аталган жалгыз учур эмес. 2019-жылы Кыргызстандан бараткан 670 килограмм ооган героини бар жүк ташуучу машине Германияда кармалганы белгилүү болгон. Бул жалаң эле Германиянын эмес, дегеле Европа Биримдигинин соңку жаңы тарыхында эң чоң көлөмдө кармалган оор баңгизат деп мүнөздөлгөн эле.

  • 16x9 Image

    Кубат Касымбеков

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин журналисти. 2011-жылы Кыргыз-түрк "Манас" университетинин Коммуникация факультетин артыкчылык диплому менен аяктаган. "Биз жана дүйнө" телеберүүсүнүн алып баруучусу. Твиттерде: @Kubat_Kasymbek

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG