Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:17

Көчкү алдында калгандардын жакындары издөө ишине нааразы


Көчкү жүргөн аймак.
Көчкү жүргөн аймак.

Жалал-Абадда кар астында калган 24 жаштагы Адилет Көккөзовдун жакындары издөө иштери жүрбөй жатканын айтып, "Азаттык" радиосуна кайрылышты.

Алар Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тарабынан жардам болбой, жергиликтүү тургундар төрт суткадан бери өздөрү издеп жатканын айтышууда.

"Көчкү 14-февралда жүргөн, ошондон бери эч ким барган жок. Азыр эл казып, эл эле кыймылдап жатат. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен жардам болгон жок. Министрлик менен сүйлөшкөндө аскерлер барат деп айткан, бирок барган жок. Биздин бала “Чайна Роуд” ишканасында трактор айдап иштечү. Балким ал тирүү", - деп билдирди Адилеттин таежеси Айчүрөк Көккөзова.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги издөө иштери уланып жатканын билдирди:

"Бүгүнкү күндө издөө иштерин улантуу үчүн ӨКМдин Жалал-Абад облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын орун басары майор М.Токтосуновдун жетекчилигинде ӨКМдин Сузак райондук бөлүмүнүн кызматкерлери жана Таш-Көмүр шаарындагы 2-Өзүнчө издөө-куткаруу отрядынан 10 куткаруучу жана Гидрометеорология агенттигинин 4 кызматкери, ошондой эле дайынсыз болгон (1998-ж. К.А.) жарандын туугандарынан 30 жаран, Сузак РИИБнөн 8 кызматкер, “Чайна Роуд” ишканасынан 20 кызматкер тартылып, издөө иштери уланууда".

Аталган министрлик Жалал-Абад облусунда эки жолу кар көчүп, төрт кишинин дайыны чыкпай жатканын 14-февралда билдирген. Расмий маалыматка караганда, Түндүк-Түштүк (Балыкчы-Жалал-Абад) альтернативдүү унаа жолунун 340-чакырымында (тоннелдин түштүк тарабы) кар көчүп, “Пикап” автоунаасын басып калган. Дагы бир “Пикап” автоунаасын жана бир вагонду сайга сүрүп кеткен. Натыйжада үч адам (66 жаштагы А.А., 52 жаштагы К.Т. – эркек, Кыргызстандын жарандары жана Л.З. (туулган жылы такталууда) – Кытайдын жараны) жабыркап, бир адам дайынсыз болууда (аты-жөнү такталууда).

Ушул эле күнү саат 12:30 чамасында Тогуз-Торо районунун аймагында, Түндүк-Түштүк (Балыкчы – Жалал-Абад) альтернативдүү автожолунунун болжол менен 334-чакырымында (Көк-Арт ашуусу) кар көчкү түшүп, үч кишини басып калган. Маалыматка караганда, “Чайна Роуд” ишканасына тиешелүү “Нива” машинасын, жүктөгүчтү жана эки экскаваторду кар басып калган.

14-февраль күнү издөө-куткаруу жана тазалоо иш-чаралары жүргүзүлгөн, бирок аба ырайына байланыштуу жана жолго кар көчкү түшкөндүктөн улам коопсуздукту сактоо максатында иш-чаралар убактылуу токтотулган.

Ал эми жабыркагандар Сузак районунун Октябрь айылындагы ооруканага жеткирилген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG