Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:50

Түркия Кыргызстанга аскердик техника берди


Түркия Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө байланыш каражаттарын, автоунаа техникаларын жана башка жабдууларды берди. Бул тууралуу Коргоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Техникаларды кабыл алуу иш-чарасына коргоо министринин биринчи орун басары Таалайбек Усубалиев, Түркиянын элчиси Ахмет Садык Доган, Улуттук гвардиянын командачылыгы жана өздүк курамы катышты.

Усубалиев Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө материалдык-техникалык жардам көрсөткөндүгү жана Түркиянын аскердик окуу жайларында кыргыз аскер кадрларын даярдоого көмөк көрсөткөндүгү үчүн ыраазычылык билдирди. Ошондой эле кыргыз тарап мындан ары кызматташуунун учурдагы жана келечектүү багыттары боюнча эки тараптуу байланыштарды кеңейтүүгө даяр экендигин айтты.

Былтыр декабрда Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) Чек ара кызматына "Байрактар" учкучсуз учуучу аппараттары тапшырылган.

Кыргызстан Түркиядан "Байрактарды" алып жатканын алгач 21-октябрда атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев билдирген. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан дрондор алынып жатканын 23-октябрда айткан. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG