Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Июнь, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:19

Адвокат журналисттин суракка чакырылышын башкаларга эскертүү деп баалады


УКМКнын жанына чогулгандар. 2022-жылдын 18-февралы.
УКМКнын жанына чогулгандар. 2022-жылдын 18-февралы.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) алдында ушу тапта 20 чакты активист, журналист чогулуп турат. Алар журналист Семетей Талас уулу кармалганына байланыштуу атайын кызмат алдында акция өткөрүүнү пландашкан.

Семетей Талас уулу УКМКдан алар чогула баштаганда чыгып, “чоң иликтөө жүрүп жаткан иш боюнча күбө катары” чакырылганын, суракта эки сааттай болуп чыкканын айтып берди.

Кесиптештеринин сурак анын “Фейсбуктагы” бийликти сындап жазып жүргөндөрүнө байланышы бар же жогу тууралуу суроосуна “Башында мен да ошондой деп ойлогом. Бирок андай эмес экен” деп жооп берди.

Бирок адвокат Акмат Алагушев Талас уулуна байланыштуу соңку жагдады сөз эркиндигине басым катары баалады. Анын айтымында, эгер Талас уулу күбө катары өтүп жатса, ага расмий түрдө чакыруу кагазы жөнөтүлүшү керек болчу. Алагушев бул нормалар бузулуп жатканын, соңку кырдаалды башка журналисттерге эскертүү катары кабыл алса болорун айтты.

УКМКнын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Семетей Талас уулу суракка Кылмыш-жаза кодексинин 332-беренесинин (Экстремисттик материалдарды таратуу) негизинде козголгон кылмыш ишинин алкагында чакырылды. Мекеме “Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат” деп маалымдады.

Журналистти күч кызматкерлери кармап кеткенин, үйүн тинтип, айрым буюмдарды, диний китептерди алып кетишкенин жубайы билдирген. Кайненеси күч органдарынын өкүлдөрү Интернеттеги социалдык түйүндөргө бөлүшкөн материалдары боюнча суроо беришкенин укканын айткан.

41 жаштагы Семетей Талас уулу көз каранды эмес журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Сонку жылдарда Талас уулу эркин журналист катары Интернеттеги баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG