Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:42

Өзгөндө камактагы активист Мирлан Ураимовду колдоо акциясы өтүүдө


Акция Мырза-Арык айылында өтүүдө.
Акция Мырза-Арык айылында өтүүдө.

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында бүгүн 18-февралда активист Мирлан Ураимовду колдогон акция өтүп жатат.

Акциянын уюштуруучуларынын айтымында, чогулгандардын саны 500дөй адам.

Милиция жана расмий бийлик өкүлдөрү акциянын катышуучуларынын санын айта элек.

Митингге чыккандар активистти бошотууну талап кылып, ага жана Жогорку Кеңештеги «Бүтүн Кыргызстан» фракциясынын лидери Адахан Мадумаровго колдоосун билдирип жатышат.

Партиянын мүчөсү Мирлан Ураимов “бийликти күч менен басып алууга ачык чакырык жасаган” деген шек менен 10-февралда эки айга камалган. Атайын кызмат тараткан маалыматка караганда, Ураимов кылмыштын белгилери бар материалдарды Интернеттеги социалдык түйүндөрдө таратуу фактысы боюнча алынган далилдердин негизинде кармалган.

Партиялаштары активист оппозициялык саясий көз карашы үчүн кармалганын айтып жатышат. Ураимов 2021-жылы Өзгөндө кыргыз-өзбек чек арасындагы “Кемпир-Абад” суу сактагычынын плотинасын Өзбекстанга берүү тууралуу айтылгандарга каршы нааразылык акциялардын уюштуруучуларынын бири. (KhU)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG