Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:35

Украинанын бийлиги Донбасста атышуулар күчөгөнүн маалымдады


17-февралдан 18-февралга караган түнү Луганск жана Донецк облусунун аймагында атышуулар катталган жерлер.
17-февралдан 18-февралга караган түнү Луганск жана Донецк облусунун аймагында атышуулар катталган жерлер.

Украинанын Коргоо министрлиги 17-февраль түн жарымдан баштап Донбасс аймагында атышуулар күчөгөнүн маалымдады.

Мекеменин жетекчиси Алексей Резников муну Минск макулдашууларын аткарууну талкуулаган БУУнун Коопсуздук кеңешинин бейшембидеги отуруму менен байланыштырды. Министр жикчилдер Орусиянын колдоосу менен жанданып башташканын, бул Москванын Украинага басымын улантуу экенин маалымдады.

Украинанын бийлиги Луганск жана Донецк облустарынын аймактарында жикчилдер тараптан 70тен ашуун ок атуу учуру катталганын тактады. Бейшемби күнкү билдирүүсүндө “Донецк Элдик Республикасы” тобунун согушкерлери бала бакчаны аткылашканын кабарлаган.

Атышуулар Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туш келди. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусия тескерисинче украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат деп Киевди айыптоодо.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. Москва бул маалыматты 16-17-февралда да билдирген.

АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG