Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Июнь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 23:30

Украина Луганскидеги бала бакчага чабуул болгонун жарыялады


Станицна-Луганск конушундагы бала бакчага жасалган чабуул. 17-февраль, 2022-жыл.
Станицна-Луганск конушундагы бала бакчага жасалган чабуул. 17-февраль, 2022-жыл.

Украинанын Бириккен күчтөрүнүн операциясы мекемеси Луганск аймагындагы өздөрү көзөмөлдөгөн жердеги бала бакчага чабуул болгонун жарыялады. Андан эки адам жабыркаган, бакчанын мугалимдери жана тарбиялануучулары коопсуз жайга эвакуацияланды. Мерт болгондор жок.

Бириккен күчтөрдүн операциясынын “Фейсбук” баракчасында дубалдары ураган бакчанын сүрөттөрү жарыяланды. Октор сабак болуп жаткан музыкалык бөлмөгө тийген. Окуя болгон жерде Украинанын Өзгөчө кырдаалдар боюнча мамлекеттик кызматынын адистери иштеп жатат.

Станица Луганск конушунун аскердик-жарандык администрациясынын жетекчиси Альберт Зинченко Орусиянын куралдуу күчтөрү аткылаганын билдирди.

Мунун алдында орусиячыл жикчилдер түзгөн “Донецк Элдик Республикасы” бейшембинин таңында алар көзөмөлдөгөн аймактагы бала бакчага украин аскерлери кол салышканын билдирген. Анын сүрөтүн орусиялык саясатчы Захар Прилепин жарыялаган. Бирок андагы бала бакча Украинанын бийлиги көзөмөлдөгөн жерде жайгашканы маалым болду.

Атышуулар Украина менен Орусиянын ортосундагы чыңалуу курчуган мезгилге туш келди. Батыш өлкөлөрү Донбасстагы жаңжалды чагым катары пайдалануу менен Орусия Украинага басып кириши мүмкүн деп кооптонуп турушат. Орусиянын өкүлдөрү тескерисинче украин тарап аталган аймакта чагым даярдап жатат деп Киевди айыптоодо.

15-февралда Орусиянын Коргоо министрлиги Украина чек арасынын айланасында топтолгон аскерлер жана техника аскердик машыгуулар аяктагандан кийин артка кайтарылып жатканын жарыялаган. 16-февралда Крымдагы аскерлери мурдагы орундарына кетип жатканын кабарлаган.

АКШ, НАТО жана Украинанын бийлиги Орусия аскерлерин Украинанын чек арасынан артка тартканы байкалбаганын жарыялап, кол салуу коркунучу дале сакталып турганын билдирди.

Украинанын чыгышындагы согуштук аракеттерден кийин ошол аймактагы орусиячыл жикчилдер 2014-жылдын апрель айында эки облустун аталышын “Донецк Элдик Республикасы” жана “Луганск Элдик Республикасы” деп жарыялашкан. Москва Украинага карата агрессияны жана жикчилдерди колдогонун төгүндөп келет. Эки аймакты тең бир да өлкө мамлекет катары тааныган эмес, алар экөө биригип Донбасс деп да аталат. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG