Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

УКМК: Семетей Талас уулу “Экстремисттик материалды таратуу” тууралуу иш боюнча суракта болду


УКМК имараты.
УКМК имараты.

Журналист Семетей Талас уулу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кылмыш-жаза кодексинин “Экстремисттик материалдарды таратуу” деген беренесинин негизинде козгогон кылмыш иши алкагында суракка чакырылганын мекеменин басма сөз кызматы 18-февралда билдирди.

Мекеменин маалыматына караганда, “Учурда тиешелүү иликтөө иштери жүрүп жатат”.

Семетей Талас уулу бүгүн атайын кызматта эки сааттай суракта болду. Сурактан чыккандан кийин ал “чоң иликтөө жүрүп жаткан иш боюнча күбө катары чакырылганын" айтты.

Кесиптештеринин сурак анын “Фейсбуктагы” бийликти сындап жазып жүргөндөрүнө байланышы бар же жогу тууралуу суроосуна “Башында мен да ошондой деп ойлогом. Бирок андай эмес экен” деп жооп берди.

Семетей Талас уулун күч кызматкерлери кармап кеткени белгилүү болгондо активисттер жана журналисттер атайын кызматтын алдында акция өткөрөрүн жарыялашкан. Бирок ал акцияга чейин бошотулду. Адвокат Акмат Алагушев Талас уулуна байланыштуу соңку жагдайды сөз эркиндигине басым катары баалап, анын суракка алынышын башка да журналисттерге эскертүү катары кабыл алса болорун айтты.

41 жаштагы Семетей Талас уулу көз каранды эмес журналист катары белгилүү. Ал көбүнчө уюшкан кылмыштуу топтор, коррупция темалары боюнча макалаларды жазат. Сонку жылдарда Талас уулу эркин журналист катары Интернеттеги баракчалары аркылуу коомдогу ар кыл окуяларга өз пикирин активдүү жазып келет. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG