Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:49

Орусия өзөктүк курал менен машыгуу өткөрө турганын жарыялады


Владимир Путин.
Владимир Путин.

Орусиянын Коргоо министрлиги президент Владимир Путиндин жетекчилигинин астында 19-февралда өзөктүк курал менен машыгуу өткөрө турганын жарыялады. Бул тууралуу мекеменин 18-февралдагы билдирүүсүндө маалымдалды.

Аскердик иш-чарада баллистикалык жана канаттуу ракеталар атылат. Окутууларга Түштүк жана Түндүк аскердик округдарынын жана Кара деңиз флотунун аскерлери катышат.

Машыгуунун алкагында аскердик башкармалыктардын, экипаждардын даярдыктары жана өзөктүк (ядролук) стратегиялык куралдардын мүмкүнчүлүктөрү сыналат.

Мурдараак Financial Times басылмасы Орусия быйыл күздө өткөрө турган машыгууларын февралга жылдырганын жазган. Басылманын маектештери муну НАТОго эскертүү катары баалашкан жана Орусиянын Украинага карата ыктымал чабуулунун белгилери катары мүнөздөшкөн.

Былтыр декабрда Орусия АКШга жана НАТОго “коопсуздук кепилдиги” тууралуу талаптар топтомун койгон. Москва анда “НАТО чыгышка карай кеңейбеши керек”, “Орусиянын чек арасына жакын аймактарда ракеталарды жайгаштырбоого тийиш” жана “1997-жылкы чек арасынан сырткары аймактарда эч кандай машыгууларды, чалгындоо операцияларын өткөрбөшү керек” деген талаптарды атаган.

АКШ менен НАТО бул боюнча Москвага кат түрүндө жооп берип, Украина эркин өлкө катары каалаган уюмга кошулууга укугу бар экенин кабарлаган жана кризисти чечүү үчүн башка сунуштарды берген. Москва ал сунуштарда конкреттүү нерселер айтылбаганын кабарлап, “аскердик чараларга барышы мүмкүндүгүн” эскерткен.

Батыш өлкөлөрү ушул тапта Украинанын айланасында 150 миңдей орус аскерлери жыйналып турганын, Орусия кайсы күнү болбосун коңшусуна басып кириши мүмкүндүгүн эскертүүдө. Москва муну төгүндөп, аскерлерин артка тартып жатканын кабарлоодо. Ошол эле тушта Орусия Беларуста да алар менен биргелешкен аскердик машыгууларды өткөрүүдө. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG