Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:32

ИИМ алдына жол кырсыктарын 50% азайтуу талабы коюлганы эскертилди


Акылбек Жапаров ИИМде.
Акылбек Жапаров ИИМде.

Жол кырсыктары боюнча көрсөткүчтү 50% азайтуу талабы аткарылышы керек экенин бүгүн 18-февралда Ички иштер министрлигинин (ИИМ) коллегиясынын жыйынында Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров эскертти.

Өкмөт башчы жол коопсуздугун камсыз кылуу милициянын негизги милдеттеринин бири экенин белгилеп, автомектептерге лицензия берүү боюнча жүргүзүлүп жаткан реформа үзүрүн бериши керектигин айтты.

Буга чейин лицензияны Билим берүү жана илим министрлиги менен “Унаа” мамлекеттик ишканасы берчү. Азыр мындай укук ИИМде.

Акылбек Жапаров ИИМдин Ыкчам башкаруу борборунда да болду. Борбордун кызматкерлери бүгүнкү күндө 400 видео көзөмөл камерасы иштеп, коомдук коопсуздукту коргоого жардам болуп жатканын айтып беришти.

Кыргызстанда 2021-жылдын 11 айында 6820 жол кырсыгы катталып, 2020-жылга салыштырмалуу 22% көбөйгөн. (RK)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG