Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:23

Пакистанда телепродюсерди атып кетишти


Пакистандын Карачи шаары. Иллюстрациялык сүрөт.
Пакистандын Карачи шаары. Иллюстрациялык сүрөт.

18-февралда Пакистандын Карачи шаарында белгисиз жарандар Атар Матин аттуу телепродюсерди атып кетишти. Бул тууралуу өлкөнүн полициясы кабарлады.

45 жаштагы медиа кызматкер Samaa деп аталган менчик маалымат телеканалында иштечү. Балдарын мектепке алып барып, кайтып келаткан учурда ага мотоциклчен адамдар ок чыгарышкан. Атар Матин окуя болгон жерде каза тапкан.

Полициянын маалыматына караганда, күбөлөрдүн бир бөлүгү Матиндин машинеси менен кол салган кишилердин мотоциклин сүзүп алып чатак чыкканын айтса, экинчи бөлүгү журналистти талап-тоноо болгон учурда кол салганын айтышкан.

Пакистандын ички иштер министри Шейх Рашид Ахмед кылмышты тыкыр иликтөө тапшырмасы берилгенин кабарлады.

Карачи - Пакистандагы порт жайгашкан ири шаар. Анда 15 миллиондой калк жашайт жана кылмыштуулук өнүккөн калаа катары белгилүү. (ErN)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG