Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:19

Данияр Жаныкулов: депутат Нурбаев тууралуу президентке кайрылабыз


Ош облусу, Араван району.
Ош облусу, Араван району.

Президенттин Ош облусундагы өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов Жогорку Кеңештин депутаты Жалолидин Нурбаевдин Аравандагы Алля Анаров айыл өкмөтүн жетектеп тургандагы мыйзам бузуулар тууралуу президентке, өкмөт башчыга жана прокуратурага кайрылуу даярдалып жатканын "Азаттыкка" билдирди.

Мунун алдында парламенттин жыйынында депутат Акылбек Түмөнбаев баштаган бир катар эл өкүлдөрү "Жаныкулов депутат Нурбаевди каралап жатат" деп айтып чыгышкан. Мындан улам ага карата чара көрүү тууралуу протоколдук тапшырма берүү сунушу менен спикер Талант Мамытовго кайрылышкан.

"Жалолидин Нурбаев инвестиция алып келип, элди жумуш менен камсыз кылып жатса, ошону көрө албай инвесторлорду качырып жатат. Ал (Жаныкулов-ред) кызматын таштап Ютуб жылдызы болуп иштесин, же блогер болсун. Нурбаев депутат болгонго чейин жетектеген айыл өкмөт Кыргызстандагы алдыңкы айыл өкмөттөрдүн бири. Ошону каралап жатат",-деген Түмөнбаев.

Мындан бир күн мурда, 26-апрелде Ютубга Жаныкуловдун "Рейддин жыйынтыгы. Айыл өкмөттү ээлеп алган Нурбаевдердин кланы" деген аталыштагы билдирүүсү чыккан. Анда текшерүүнүн жүрүшүндө Аравандагы мыйзамсыз берилген жерлер аныкталганын билдирип, анда депутаттын жана анын туугандарынын атын атаган.

"Араван районундагы Алля Анаров айыл өкмөтүндөгү 300 гектар жер чет өлкөлүк бир фирмага ижарага берилип кеткени аныкталды. Алар жер кыртышын бузуп, жерди тегерете аң казып салышкан, Башынан тартып бир дагы документ туура түзүлгөн эмес. Ижара акысы дагы өз убагында төлөнгөн эмес".

Жаныкулов мындан башка дагы жер, кадр маселесине байланыштуу мыйзамсыз иштер бар экенин айткан.

Бул окуяларга байланыштуу Нурбаев өзү азырынча комментарий бере элек. Ал соңку парламенттик шайлоодо бир мандаттуу Араван округунан депутат болуп шайланып келгенге чейин 2014-жылдан тартып аталган айыл өкмөттүн башчысы болгон. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG