Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

ЖК министр кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин колдоду


Жээнбек Кулубаев.
Жээнбек Кулубаев.

Жогорку Кеңеш 27-апрелдеги жыйынында тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлигин бир добуштан колдоду. Талкуу маалында депутаттар чек ара, "кара тизмедеги" мигранттар, Кыргызстандын чет өлкөлөрдөгү элчилери жана кадр тандоого байланыштуу маселелерди көтөрүштү.

Кулубаев 23-апрелден тартып тышкы иштер министринин милдетин аткарып жатат. 22-апрелде мурдагы тышкы иштер министри "башка ишке өткөнүнө байланыштуу" деген негизде Руслан Казакбаев кызматынан кеткен.

59 жаштагы Жээнбек Кулубаев 2021-жылдын август айынан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүн жетектеп келген.

Ага чейин Тышкы иштер министрлигинде бир катар жооптуу кызматтарды аркалаган. Ошондой эле Кыргызстандын Малайзиядагы, Кытайдагы, Казакстандагы элчиси болгон.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG