Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:26

Ысык-Көлдө пансионат, конок үй кургандарга талап катаалдайт


Ысык-Көл.
Ысык-Көл.

Президент Садыр Жапаров 27-апрелде “Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Документке ылайык, эмдиги жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

"Азыркы учурда Ысык-Көлдүн курорттук-рекреациялык зонасынын аймагында жагымсыз экологиялык кырдаал түзүлүүдө. Көлдү жана бул аймакты булгоонун негизги булактарынын бири Ысык-Көлгө куюучу дарыялардын жээгиндеги зоналарда жана жээктеринде жайгашкан шаарлар жана калктуу конуштар болуп саналары белгиленет. Тургундар, уюмдар, ишканалар саркынды сууларды жана калдыктарды дарыяларга, ошондой эле айрым жерлерде түз эле көлгө агызууда, анткени тазалоочу курулмалар же таптакыр жок, эгер бар болсо, тазалоо сапаты белгиленген талаптарга жооп бербейт. Натыйжада көлгө органикалык жана химиялык кошулмалары бар саркынды суулар кошулуп жатат", - деп айтылат президенттин басма сөз кызматы таратканы билдирүүдө.

Жарлыктын алкагында аймактагы экологияны сактоого байланыштуу бир катар тапшырмалар берилди.

Ошондой эле Министрлер кабинетин “2023-2026-жылдары Ысык-Көлдү коргоо жана анын биосфералык зонасын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүгө" байланыштуу программа даярдап, аны бекитүүгө милдеттендирди.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG