Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Май, 2023-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:32

Тузду ашыкча колдонуу өмүрдү кыскартат


Кыргызстан дүйнөдөгү 187 өлкөнүн ичинен тузду колдонуу боюнча төртүнчү орунда турат. Өлкөдөгү тузу эң көп азык нан жана ундан жасалган тамактар экени аныкталган. Тамактанууда ашыкча туз эмнеге зыян? 2010-жылдан бери Кыргызстанда 20 жаштан 69 жашка чейинки өлүмдүн 80 пайызы жүрөк-кан тамыр, кант диабети себеп болууда. Инсульт менен жүрөк талмасынан жылына 20 миңге чукул адам көз жумат.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Европадагы аймактык кеңсеси өлкөдө тузду көзөмөлдөй турган атайын эреже, белгилүү бир саясат жок экенин эскертет.

2010-жылдан бери 20 жаштан 70 жашка чейинки адамдардын дээрлик 80% жүрөк- кан тамыр ооруларынан көз жумган. Кыргызстанда дал ушул курактагы адамдар тузду бир күндүк белгиленген 2,5 граммдык өлчөмүнөн 2-3 эсеге көп жей турганын ДССУ аныктады.

Туздан кыйналганын көпчүлүк билбейт

Бишкек шаарынын тургуну, 35 жаштагы Жылдыз көп жыл аз кандуулук оорусунун азабын тарткан. Ал организминдеги бул көйгөйдүн себебин билбей кыйналган. Кийин Жылдыз аз кандуулугуна дал ушул тузду ашыкча жегени себеп экенин билген.

"Бала кезимден отузга чыккыча курутту аябай көп жедим, туздуу курутту аябай жакшы көрөт элем. Ошол эле кезде анемия болуп кыйналып, дарыланууга барып жүрдүм. Аз кандуулугумдун себебин түк билбей, канча дары ичсем деле болбой кыйнала бердим. Анан бир дарыгер менин эмне тамак жегенимди сурап, курутту көп жегенимди билгенде аз кандуулугума дал ушул ашыкча туз себеп болуп жатканын айтты. Куруттан тышкары тамак-ашты дагы аябай туздуу жей берет элем. Анын үстүнө кан басымым төмөн болгондуктан, туздуу жесем калыбына келип калабы, айыгамбы деп ойлодум. Көрсө, туз баары бир зыян экен".

Көчөдөгү азыктарда туз көп

Эл аралык изилдөөлөр көрсөткөндөй, Кыргызстанда 20 жаштан жогору курактагылар бир күндө орточо 5,38 граммдан көп туз жейт. 2017-жылы Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму Бишкек көчөлөрүндө сатылган тамак-аштын курамын иликтеп, нан азыктары, манты, самса сыяктуу тамакта туздун өлчөмү нормадан жогору экенин аныктаган.

Иликтөөгө ылайык, 300 граммдык бир көмөч нанда же бөлкөдө 4,7 грамм туз чыккан, бул тамак-аш коопсуздугуна байланыштуу эл аралык нормадан бир нече эсеге көп.

Диетолог-нутрициолог Жазгүл Жайчыбаева ага келген бейтаптардын көпчүлүгү ун, күрүч сыяктуу оор сиңген углеводдорду жеп, шекери көп суусундуктардан баш тарта албай кыйналышарын айтат. Ал кайсыл азыктарда туздун өлчөмү көп болорун санап берди:

"Ал тургай эт, балыктын өзүндө деле туз болот. Маселен, эт бышканга чейин эле өзүндө эки граммдан беш граммга чейин туздуу. Анан эң эле зыяндуу туздар, ар түрдүү кошулмалар колбаса, сосиска сыяктуу жарым-жартылай бышкан азыктарда көп болот. Бул азыктар эң эле пайдасыз азыктарга кирет. Курамына зыяндуу боёктор, өтө көп өлчөмдө туз, саламаттыкка абдан зыяндуу татымалдар кошулат. Мисалы, 100 грамм колбасанын ичинде бир граммдан ашык туз бар. Бул белгиленген өлчөмдөн өтө эле көп. Майонез, ага окшогон даяр соустарга туз ашыкча кошулат. Бир киши колбаса, сыр менен жасалган бир бутерброд же сэндвичти жесе, бир күнгө керектүү болгон өлчөмдөн ашыкча тузду жейт. Андыктан, жеп жаткан тамакка кылдаттык менен кароо зарыл. Томаттын ширесин деле алсак, диетологдор аны пайдалуу азык дешет. Бирок ага да туз ашыкча салынат. Тамакка даам берсин деп кошуп жаткан кургак татымалдарда да туз көп".

Өлкөдө тузду колдонууну чектеген мамлекеттик деңгээлдеги иштер жок. Тузга байланыштуу саясат азыр аны йод менен байытуу менен чектелүүдө. Туура эмес азыктануунун айынан зат алмашуусу начарлап, кан-тамыр, жүрөк оорулары жана кант диабетине чалдыккандар жыл сайын жашарып жана өсүүдө.

Акыркы маалыматтар боюнча 25 жаштан 44 жашка чейинки эркектердин 31 пайызы 45тен 65 жашка чейинкилердин 64 пайызы кан басымы жогору, аялдарда да бул сан артта калбай, 45тен жогорку курактагылардын дээрлик 69% кан басымы жогору экенин эл аралык уюмдар аныктаган.

Кан басымды жогорулатып, өт менен бөйрөктү ташка толтурат

Бир нече жыл Нарында дарыгер болуп иштеген реаниматолог Бекмамат Сурапов туздуу тамактануунун айынан облустагы элдин көпчүлүгү артериялык кан басым, өт жана бөлүп чыгаруучу органдар болгон бөйрөк, табарсык каналдарына таш толуп калуу менен жабыркарын айтып, жашы 60тан өткөн адамдардын көбү өтүнө таш толуп калуусуна да туз себепкер дейт.

"Маселен, Нарындагы элди алалы, ал жактагылар бийик тоолуу болгондон эле эмес, туура эмес тамактануунун айынан да аябай көп ооруга чалдыгууда. Бул аймактын тургундары ашыкча майлуу, туздуу тамактанышат, ичүүчү суу да шор болгондуктан, кан басым, өт, бөйрөктө таш толуп калган оорулары көп. Мунун баарына стресс да кошулат. Мурда 80-90го чыккан аксакалдар Нарында көп болсо, азыр 50-60тан өткөн киши эле аксакал болуп, 70тен ашкандарды өтө эле сейрек кездештирип калдык. Дал ушул Нарын облусунда өлкөнүн башка аймактарына салыштырмалуу жүрөк-кан тамыр ооруларынан каза болгондор аябай көп. Менин туугандарым да Нарында жашайт. Алардын гипертониялык кан басым оорулары 25 жаштан эле башталып, дары ичип жүргөнүн көрсө болот. Менин 25тен эми өткөн туугандарымдын дары ичип жүргөнүн көргөм. Илгери адамдар аз ооруган деп айтышат. Себеби, айран, сүттү көп ичишкен, талкан жеген, бул азыктар адам саламаттыгына пайдалуу клетчатка деген затка бай. Азыр болсо майлуу тамактануу көбөйүп, айран, сүттүн, талкандын ордуна саламаттыкка зыяндуу макарон, ак ундан жасалган ден соолукка өзгөчө зыян нан жеп жатышпайбы".

Жугуштуу эмес ооруларга чалдыккан миңдеген адамдар жумушка жарабай калып, кыргыз экономикасы жылына орто эсеп менен 17,1 миллиард сом зыян тартууда. Мындай жыйынтыкты чыгарган Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму биринчи кезекте туура тамактануу, кыймылдуу жашоо образын улуттук маданиятка айлантпаса, азыркы тапта эр жетип жаткан балдардын саламаттыгы да чоң коркунучка кептелерин эскертет.

Тузду азайтса болот

Тамак-ашта тузду азайтуу чоң адамдар үчүн бир топ кыйын болсо, балдарга билинбей деле калмак деген адистер тузу өтө көп курут, кириешка, чипстердин ордуна жашылча-жемиш, жаңгак сатып алса болорун жана өспүрүм балдарда туура тамактануу көндүмдөрүн өнүктүрүү маанилүү экенин айтышууда.

Бишкектин тургуну Шаршекүл Аманова бир нече айдан бери тамакка тузду аз кошуп, балдары да буга көнүп калганын айтып берди:

"Мен удаа-удаа төрөп балдар менен үйдө көп олтуруп калдым. Кош бойлуу кезде жана андан кийин салмагым улам жогорулап, ашыкча болуп кетти. Айрыкча боюмда болгондо таттуу, туздуу жегим келе берет эле. Ошондо да туздун зыян экенин байкадым. Туздуу жеп алгандан кийин киши аябай суусап, суу ичип алып шишип дегендей кайра эле организм кыйнала берет экен. Ушунун баарын изилдеп, бир топ маалыматтарды окугандан кийин азыр тузду аз колдонууну чечтим. Биринчи эле жашылча-жемиштерге, салаттарга туз кошпой жасап көрдүм. Туздун ордуна лимонду сыгып эле даярдасам, сонун даамдуу болот экен. Тамак-ашка деле тузду мурдагыдан бир кыйла аз салып жасап жатам. Алгач балдарым жебей койобу деп ойлогом. Бирок алар байкаган деле жок. Азыр баарыбыз тузу жок, же аз эле туз салып жегенге көнүп калдык".

Туздун химиялык аталышы - натрийдин хлориди. Андан адам толук баш тарта албайт. Организмге баары бир натрий хлориди зарыл.

Гарвард университетинин медициналык мектеби туздуу тамак аш жүрөк-кан тамыр, өт, бөйрөктө таш оорулары жана залалдуу шишикке себепкер экенин бир нече жылдык изилдөөдөн соң аныктаган. Ушундан улам окумуштуулар 14 жашка чыга элек балдар менен кош бойлуулар бир күндө 1,5 граммга жетпеген өлчөмдө, ал эми чоң адамдар 2,5 граммдан көп эмес тузга муктаж деген тыянак чыгарышты.

  • 16x9 Image

    Бактыгүл Чыныбаева

    “Азаттык” үналгысынын Бишкектеги кабарчысы, журналист, котормочу, илимий кызматкер. Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин жана Лондондогу эл аралык Кэмбриж академиясынын бүтүрүүчүсү.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG