Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:22

Анкаранын Тажикстанга сатчу куралы ачык айтылбайт


Шерали Мирзо менен Хулуси Акар. 30-июнь, 2021-жыл.
Шерали Мирзо менен Хулуси Акар. 30-июнь, 2021-жыл.

Анкара акыркы жылдары айрыкча пилотсуз учак технологиясына инвестиция тарта баштады. Былтыр бул тармактагы экспорттон Түркия 3 миллиард доллардан ашуун киреше тапты. Түрктөр Кыргызстан баштаган Борбор Азия өлкөлөрүнө да учкучсуз дрон сатат. Бул тизмеге эми Тажикстан кошулганы белгилүү болду.

21-апрелде Анкарада Тажикстан менен Түркия ортосундагы аскердик кызматташтык боюнча келишимге кол коюлду. Ага тажик коргоо министри Шерали Мирзо менен түрк коргоо министри Хулуси Акар катышканын Түркиянын Улуттук Коргоо министрлиги Твиттерден кабарлады.

Журналисттерге жабык өткөн бул жыйында Анкара менен Дүйшөмбүнүн делегациялары чөлкөмдөгү коопсуздук жана коргонуу тармагындагы кызматташтыктын келечегин талкуулашканы айтылды.

Эки өлкө ортосунда чек арадагы коопсуздукту камсыздоо, терроризмге каршы күрөшүүдө тажрыйба алмашуу жана аскердик билим берүү боюнча алака-катышты арттыруу зарылчылыгы баса белгиленди.

Анкарада кол коюлган келишимде Түркиядан Тажикстанга экспорттолгон аскерий техника тууралуу ачык маалымат айтылбайт. Дүйшөмбүдөгү түрк элчилиги Түркиядагы "Байкар" компаниясынын жетекчиси, президент Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы Селчук Байрактар менен Тажикстандын коргоо министри Шерали Мирзонун сүрөтүн Твиттерге жарыялады.

Былтыр жайында түрк коргоо министри Хулуси Акар Кыргызстанга келип, андан кийин Тажикстанга барган. Дүйшөмбүдө Акар министр Шерали Мирзого жолугуп, эки өлкөнүн аскердик кызматташтыгын талкуулаган. Түрк министри Тажикстанды “Түркиянын Орто Азиядагы маанилүү өнөктөшү” деп атаган.

Түркия "Байрактардан" киреше издейт

Былтыр Түркиянын коргонуу өнөр жайы экспорттон 3,2 миллиард доллар киреше тапканын жыл башында мамлекеттик "Анадолу" агенттиги кабарлаган.

Анкара эң көп - 1 миллиард долларга коргонуу жана аэрокосмостук техниканы АКШга сатканы маалым болгон. Тизмеде АКШдан кийин эле Азербайжан, Катар, Бириккен Араб Эмирликтери жана Марокко турат.

Түрк президентинин алдында иш алып барган Коргоо өнөр жай ишканасынын жетекчиси Исмаил Демир экспорттун көлөмүн 4 млрд. долларга чыгарууну көздөп жатканын өткөн аптада билдирди.

"Биз быйыл экспорттун көлөмүн 4 млрд. доллардан ашырууну максат кылып жатабыз. Бул жетишкендик акырындык менен болот. Жакынкы Чыгыш, биздин маанилүү рыногубуз, Борбор Азия жана Түштүк-Чыгыш Азияга да байланыштуу маанилүү келишимдер бар. Акыркы окуяларда көрүп тургандай, Европанын айрым өлкөлөрүндө абдан маанилүү бир рынокту ээлей турганыбыз шексиз".

Байрактар- ТВ2. Киев, 24-август. 2021-жыл.
Байрактар- ТВ2. Киев, 24-август. 2021-жыл.

Түрк аткаминери "Европа өлкөлөрү" деп кыйыткан Украина, согушта кеңири колдонулуп жаткан "Байрактар" учкучсуз комплекстерин былтыр жыл аягында өз алдынча чыгарууну пландап жатканы кабарланган.

Буга чейин Киев "Байрактар" дронун биринчи жолу Донбасстагы урушта колдонгону жөнүндө кабар тараган. Украин армиясы жарыялаган видео күбөлөгөндөй, асмандагы пилотсуз учак таштаган дүрмөт жердеги артиллериялык техниканы көз ирмемде жок кылган.

Киев Түркиядан сокку уруучу учкучсуз тактикалык жабдуулардын партиясын сатып алуу тууралуу келишимге 2019-жылдын башында кол койгон. Адеп Украинага алты аскердик дрон бир катар жабдыктары менен кошо келгени, бул келишим дээрлик 70 миллион долларга бааланганы кабарланган. Ушул убакытка чейин Украина "Байрактарды" сыноодон гана өткөрүп келген.

Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташыев.
Президент Садыр Жапаров жана УКМКнын жетекчиси Камчыбек Ташыев.

Борбор Азия өлкөлөрүнөн Кыргызстан, Өзбекстан, Түркмөнстан "Байрактарды" сатып алганы белгилүү.

Өткөн жылы Кыргызстандын УКМКнын Чек ара кызматына тапшырылган «Байрактар» учкучсуз учуучу аппараттары толугу менен республикалык бюджеттин каражатына сатылып алынган жана өлкөнүн коргонуу коопсуздугун камсыз кылуу, анын ичинде мамлекеттик чек араны кайтаруу үчүн колдонулары айтылган.

Ага чейин бийлик бир жылда аскердик техникасын жаңыртууга жана оңдоого баш-аягы Кыргызстан 100 миллион доллар бөлгөнүн, Орусия менен Түркиядан курал сатып алынарын жарыялаган.

Ушул жылдын 31-мартында президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунда Куралдуу күчтөрдүн "Калкан-2022" атайын тактикалык машыгуусуна катышты. Анда сөз сүйлөп, аймактагы ар кандай коркунучтардын алдын алуу иш-аракеттерин коңшу мамлекеттер менен чогуу жүргүзүү керек деп эсептерин билдирген.

"Өзүңүздөр билесиздер, азыркы замандын чакырыктары менен коркунучтары көп кырдуу жана аймактар аралык мүнөздө. Борбор Азия өлкөлөрүндөгү, айрыкча Ооганстандагы кырдаалга байланыштуу террордук жана диний-экстремисттик коркунучтардын жогорку деңгээлде сакталып турушу өзгөчө кооптонууга алып келет. Бул коомдук-саясий кырдаалды туруксуздаштырууга багытталган эмиссарлардын жана согушчан топтордун өлкө аймагына кирип келүү ыктымалдыгы, алардын жашыруун аракеттери менен шартталган. Эл аралык терроризмге каршы күрөшүүнүн негизги шарттарынын бири мыйзамсыз куралчан түзүмдөрдү күч менен басуу тажрыйбасы менен радикалдуу күчтөрдү жана террордук көрүнүштөрдү алдын алуу саясатынын айкалышы болуп саналат. Биз коркунучтардын алдын алуу боюнча иш-аракеттерди бардык коңшу өлкөлөр менен биргеликте жүргүзүшүбүз керек деп эсептейбиз. Биздин өлкө бардык кошуна өлкөлөр менен тынчтык жана ынак коңшулук саясатын жүргүзүп, региондогу туруктуулуукту сактоо үчүн болгон күч-аракетин жумшап келет", - деген Жапаров.

"Байрактар TБ2" – Түркиядагы "Байкар" компаниясы жасап чыккан, чалгын жана сокку уруу максатында колдонулган, орточо бийиктикте, узак убакытка уча алган учкучсуз аппарат. Төрт ракета жана сапаттуу видео камералар менен жабдылган бул дрондор 5,5 - 8 чакырым бийиктикке чейин көтөрүлүп, асманда 24-27 саатка чейин учуп жүрө берет. Керек учурда сегиз чакырымдык аралыктан бутага сокку урууга кудуреттүү.

Узундугу 6,5 жана эки канатынын узундугу 12 метрге чейин жеткен бул дрон 55-155 килограммга чейинки жүктү көтөрө алат. Дрондор Түркиянын "Түрксат" спутник түйүнү аркылуу аралыктан көзөмөлдөнөт жана башкарылат.

Анкара анын так баасын ачык жарыялаган эмес. Бирок айрым интернет булактарында бир "Байрактар" кеминде 5 миллион доллар турушу ыктымал экендиги көрсөтүлгөн.

"Байрактардын" таржымалы

"Байкар" компаниясын машина куруу боюнча инженер Өздемир Байрактар 1984-жылы негиздеген. Дрондордун аты бир четинен бул үй-бүлөнүн атынан алынса, экинчи жагынан "Байрактар" түрк тилинен которгондо "байрак же туу көтөргөн киши" деген маанини берет.

Байрактар- ТВ2. Техникалык көрсөтмө.
Байрактар- ТВ2. Техникалык көрсөтмө.

Түрк армиясы, жандармериясы, атайын даярдыктагы аскерлери жана деңиз флоту "Байрактарды" 2014-жылдан бери колдонуп келет. Ошентсе да бул дрондордун атагы көбүнчө Түркиянын Сириядагы, Ливиядагы аскердик чабуулдарында, өзгөчө Тоолуу Карабактагы алты жумалык согушта чыкты.

"Байрактар" 2020-жылдын күзүндө Тоолуу Карабактагы армян жана азери күчтөрүнүн ортосунда болгон согушта Азербайжандын жеңишин шарттаган негизги куралдардын бири катары мүнөздөлүп келет.

Учурда дүйнөгө таанылган компанияны бир туугандары менен башкарып жаткан Селчук Байрактар түрк президенти Режеп Тайып Эрдогандын күйөө баласы. Ал президенттин кичүү кызы Сумейе Эрдоганга үйлөнгөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG