Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:08

Кытай жана араб өлкөлөрү менен өнүктүрүү фонддорун түзүү каралып жатат


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Жогорку Кеңеште тышкы иштер министри кызматына Жээнбек Кулубаевдин талапкерлиги каралып жатканда депутат Жанар Акаев Кытай жана араб өлкөлөрү менен дагы өнүктүрүү фонддорун түзүүнү сунуштады. Кулубаев буга байланыштуу иштер жүрүп жатканын айтты.

"Буга чейин кесиптешим Руслан Казакбаев көп иштерди жүргүзгөн. Өткөндө расмий сапар менен Кытайга барганда бул тууралуу сүйлөшүүлөр болгон. Жакын арада Кытай менен инвестициялык фонд түзүү боюнча өкмөт аралык жолугушуу болот. Биз Кытайга бардык сунуштарыбызды бергенбиз. Азыр алар аны карап жатат. Араб мамлекеттерине дагы сунуш киргизгенбиз. Алар дагы бул сунуштарды карап жатат. Анткени мындай фонддор кандай иштери тууралуу аларда маалымат жок экен. Араб өлкөлөрүндөгү элчилерибиз аркылуу сунуштарды бердик. Биз аларга Кыргыз-орус фондунун иштеши тууралуу маалымат берип, алардын принциптерин көрсөтүп жатабыз", -деди Кулубаев.

Кыргыз-орус өнүктүрүү фондунан сырткары жакында эле Өзбек-кыргыз өнүктүрүү фонду түзүлгөн. Өткөн жылы ноябрда Кыргыз-венгер фонду ишке кирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG