Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:45

Жогорку сот Саркарбаевди актаган чечимдери жокко чыгарды


Кылычбек Саркарбаев.
Кылычбек Саркарбаев.

Жогорку сот Ош шаардык спорт комитетинин мурдагы төрагасы Кылычбек Саркарбаевди актаган сот чечимдерин жокко чыгарып, кайра кароого жөнөттү. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жогорку соттон тастыкташты.

Маалыматка ылайык, Ош шаардык жана облустук соттордун чечимине каршы облустук прокуратура арызданган. Сот отуруму 25-апрелде өттү. Анын өзүнөн комментарий алууга мүмкүн болгон жок.

2020-жылдын аягында Кылычбек Саркарбаев "кылмыш ишин жаап-жашыруу үчүн жасалма документ аркылуу аты-жөнүн өзгөрткөн" деген айып менен кармалып, кийин бир миллион сом төлөп үй камагына чыккан. Сот Кылычбек Саркарбаевге "документ жасалмалаган" жана "адамдын ден соолугуна этиятсыздыктан улам оор зыян келтирген" деген беренелер менен коюлган айып далилденген жок деп тапкан.

34 жаштагы Саркарбаев Ош шаардык спорт комитетинин башчылыгына 2015-жылы келген. Чуулуу иштерде аты аталганына карабай Ош мэриясы ага эки жыл мурда "эң мыкты жаш жетекчи" деген наам ыйгарганы талкууга түшкөн. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG