Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
31-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:09

Санду Приднестровьедеги чабуулдарды чыңалууну курчутуу аракети деп атады


Майя Санду Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынынан кийин. Кишинев. 26-апрель, 2022-жыл
Майя Санду Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынынан кийин. Кишинев. 26-апрель, 2022-жыл

Молдованын президенти Майя Санду Москва колдогон жикчил Приднестровьедеги чабуулдарды чыңалууну курчутуу аракети деп сыпаттап, аймактагы “согушчул фракцияларды” айыптады. Президент Коопсуздук кеңешинин чукул жыйынынан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын алдында жикчил аймактын бийлиги орусиялык радиону ретрансляция кылган эки кубаттуу антенна жардырылганын билдирген. Өзүн "Приднестровье Молдова жумурияты" деп атаган эч ким тааныбаган аймактын Ички иштер мекемеси жардыруудан жабыркагандар болбогонун кошумчалады.

25-апрелде Приднестровьенин Коопсуздук министрлигинин Тирасполдогу имаратында бир нече жардыруу болгону кабарланган. Бул маалыматтарды көз карандысыз булактар тарабынан бышыктоо мүмкүн эмес.

Приднестровьенин Коопсуздук кеңеши Тирасполдун четиндеги аскердик объектиге “террордук чабуул” болгонун билдирген, бирок чоо-жайын айткан эмес. Кеңеш ошондой эле “террордук коркунчтун деңгээлин” көтөрүп, 9-майга пландалган аскердик парадды өткөрбөөнү чечти.

Ушул эле күнү Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков Приденстровьеден түшкөн кабарлар тынчсызданта турганын билдирди.

Буга чейин орус Коргоо министрлиги Украинадагы операциянын эмки баскычы ал өлкөнүн түштүгүн басып алып, Приднестровьенин чек арасына чейин жетүүнү максат кыларын билдирген.

Кишинев аймакты Москва тарабынан аннексиялап алуу ыктымалдыгынан чочулайт.

Ал эми Украинанын Коргоо министрлиги ал чагымды Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) уюштурду деп эсептейт.

Молдова Приднестровьенин үстүнөн көзөмөлдү жоготконуна 30 жылдан ашты. Ал жерде Орусиянын аскердик контингенти жайгашкан. 200 миңден ашуун жергиликтүү тургун орус жараны. Орусия Приднестровьеде да “орус тилдүү калкты басмырлап келатышканын” айтууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG