Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:56

“Кабар” маалымат агенттигинин жетекчиси алмашты


Медербек Шерметалиев.
Медербек Шерметалиев.

“Кабар” улуттук маалымат агенттигинин жетекчиси Кубанычбек Таабалдиев кызматтан алынып, анын ордуна Медербек Шерметалиев дайындалды. Бул тууралуу тескемеге президент Садыр Жапаров кол койгонун басма сөз кызматы билдирди.

Мамлекеттик маалымат агенттигинин жетекчисинин алмашуусунун себеби айтылган жок. Бир күн мурун бул агенттик президент Садыр Жапаровдун кенен маегин жарыялаган.

Кубанычбек Таабалдиев “Кабар” маалымат агентигин 2011-жылдан бери башкарып келген. Медербек Шерметалиев буга чейин бир нече мамлекеттик жана менчик телеканалдарда журналист болуп иштеген. Акыркы учурларда социалдык тармактардагы өзүнүн баракчасында президенттин саясатын колдоп, иш-аракеттерин жарыялап келет.

“Кабар” агенттиги Кыргызстан СССРдин курамына республика болуп киргенден бир жылдан кийин 1937-жылы союздук республиканын атрибуту катары “КырТаг” деген ат менен уюштурулган. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин “Кабар” деп өзгөртүлгөн. Агенттиктин жаңылыктары kabar.kg сайтында жайгаштырылат, маалымат жыйын өткөрүү залы бар. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG