Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:16

Карачидеги жарылуудан кытайлык үч жаран каза тапты


Карачи университетиндеги жарылуу. Пакистан. 26-апрель, 2022-жыл
Карачи университетиндеги жарылуу. Пакистан. 26-апрель, 2022-жыл

Пакистандын Карачи шаарындагы университеттин кампусунда фургон жарылганда кытайлык үч жаран жана жергиликтүү айдоочу каза тапты. Университеттин басма сөз катчысы Мухамад Фарук жарылуунун себеби аныктала электигин билдирди.

Маалыматка караганда, набыт болгондордун арасында Кытайдын Конфуций институтунун директору бар болчу, ал кытай тилинен сабак берчү. Калган экөө мугалимдер.

Карачи шаарынын полиция өкүлү Гулям Наби Мемон алдын ала иликтөөгө таянып, жанкечти бомба жардырган болушу мүмкүн деп билдирди.

Мурда жакын жердеги Балучистан аймагында согушкер топ кытайлыктарды бутага алган учурлар болуп келген. Байкоочулар муну Кытайдын Шинжаң менен Араб деңизин туташтырган жол куруу планына нааразылык катары баалашат.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG