Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:40

Өкмөт уюлдук телефондорду каттоодо 700 сомдон алуу талабынан баш тартты


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

Министрлер кабинети Кыргызстанда уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппарат үчүн 700 сомдон алуу талабынан баш тартканын билдирди. Өкмөт тараткан маалыматта Санариптик өнүгүү министрлиги даярдаган мыйзам долбоордон мындай жобо алынып салынганы айтылат.

"Санариптик өнүктүрүү министрлиги айрым мыйзам актыларына (“Электр жана почта байланышы жөнүндө”, “Лицензиялоо-уруксат берүү тутуму жөнүндө") өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзам долбоорун коомдук талкууга алып чыккан. Ал ал уюлдук байланыш түзүлүштөрүн, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү идентификациялоонун мурда сунушталган тартиби боюнча сын-пикирлерди эске алуу менен даярдалган. Мыйзам долбоорунун сунушталып жаткан редакциясына ылайык, уюлдук түзүлүштөрдү, ошондой эле маалыматтарды берүү үчүн колдонулган түзүлүштөрдү каттоо лицензия берилүүчү ишмердик болуп саналбайт. Аталган ченем жеке компаниялардын атынан идентификациялык оператордун болушун жана бир аппаратты каттоо үчүн 700 сом өлчөмүндөгү төлөмдү жокко чыгарат", - деп жазылган өкмөт тараткан маалыматта.

Буга чейин уюлдук телефондорду каттоодо ар бир аппараттан 700 сомдон алуу сунушу коомчулукта нааразылык жараткан.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде мындай жобону колдобой турганын билдирген. (EBM)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG