Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:08

Акимдер, айыл өкмөт башчылары электрондук документ колдонууну үйрөнүүдө


Жыл башында мамлекеттик органдар апрель айынан тартып электрондук документ колдонууга өтөрү маалымдалган. 
Жыл башында мамлекеттик органдар апрель айынан тартып электрондук документ колдонууга өтөрү маалымдалган. 

25-апрелде жергиликтүү администрациялардын жана айыл өкмөттөрдүн башчыларына "Infodocs" электрондук документ жүгүртүү системасын колдонууну үйрөткөн үч күндүк окутуу башталды. Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, ага 500гө жакын адам катышып жатат.

Тренинг облустардагы жогорку окуу жайлардын жана Бишкекте президентине караштуу Башкаруу академиясынын базасында бардык аймактарда жүргүзүлүүдө.

Өткөн аптада Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров мамлекеттик органдарга кеңсе кагаздарын пайдаланууну эки эсе кыскартууну жана электрондук документ жүгүртүүгө өтүүнү тездетүүнү тапшырган. Анда бул чарадан улам өлкө казынасы жылына 112 миллионго жакын сом үнөмдөлөрү айтылган.

Жыл башында мамлекеттик органдар апрель айынан тартып электрондук документ колдонууга өтөрү маалымдалган. Буга чейин айтылгандай, 2022-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы менен президенттин облустардагы өкүлчүлүктөрүнөн баштап, айыл өкмөттөрүнө чейин электрондук документ жүгүртүү жана калкка электрондук тейлөө көрсөтүү системасын билүүсүн текшерген аттестация жүрөт.

Кыргызстанда санариптештирүү иш-чаралары бир канча жылдан бери жүрүп келет. 2019-2020-жылды Санариптештирүү жылы деп дагы жарыяланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG