Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:13

ИИМ: Болот Темировго козголгон кылмыш иштери тергелип бүттү


Болот Темиров.
Болот Темиров.

Милиция Temirov LIVE каналынын негиздөөчүсү, иликтөөчү журналист Болот Темировго козголгон төрт кылмыш иши бир өндүрүшкө бириктирилгенин, тергөө аяктаганын билдирди. Ички иштер министрлигинин Тергөө кызматынын башчысы Алтаир Исмаилов 26-апрелде басма сөз жыйынында материалдар Башкы прокуратурага өткөрүлүп берилгенин маалымдады.

"Болот Темиров 16 жашында, 1996-жылы Орусиянын паспортун алган. Журналист чоочун адамдын аскер билетин пайдалануу менен 2008-жылы кыргыз паспортун алган",-деди Исмаилов.

Мунун алдында Болот Темиров мындай дооматтарды четке кагып, Курманбек Бакиев президент болуп турганда анын катчылыгында иштеп жүргөндө анын документтери тыкыр текшерилгенин айткан.

Президент Садыр Жапаров 25-апрелде "Кабар" маалымат агенттигине курган маегинде журналисти "жасалма документтердин негизинде паспорт алган" деп айыптаган.

20-апрелде Темировго карата Жазык кодексинин 379-беренеси ("Документ жасалмалоо"), 378-беренеси ("Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү") боюнча эки кылмыш иши козголгону белгилүү болгон. Темиров муну ишмердигине тоскоолдук катары мүнөздөгөн.

Анын алдында журналист Улуттук коопсуздук комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурастын компаниясы Жалал-Абадда бир нече тендерди утуп алганы тууралуу иликтөөсүн жарыялаган.

Быйыл жыл башында шаардык милиция Темировго карата Жазык кодексинин 283-беренеси (Баңгизаттарын, психотроптук каражаттарды жана алардын аналогдорун мыйзамсыз даярдоо) менен иш козгогон. Анын алдында Темиров жемкорлук тууралуу иликтөө жарыялап, анда да Ташиевдин аты аталган. Ошол эле күнү УКМК төрагасы Ташиев журналисттерге брифинг уюштуруп, мамлекетке зыян келтирбегенин жана коррупцияга аралашпаганын айткан.

Бир катар жергиликтүү жана эл аралык уюмдар жемкорлуктун бетин ачкан журналистке куугунтук жүрүп жатканын айтып чыгышкан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG