Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:18

Гутерриш Украинадагы согуш кылмыштары тууралуу маалыматтарды иликтөөгө чакырды


Гутерриш менен Лавров. Москва, 26-апрель, 2022-жыл
Гутерриш менен Лавров. Москва, 26-апрель, 2022-жыл

Бириккен Улуттар Уюмунун Баш катчысы Антониу Гутерриш шейшембиде Москвага барды. Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен кездешүүдөн кийинки басма сөз жыйында Гутерриш Мариуполдогу карапайым адамдарды куткарып калуу үчүн БУУ бар аракетин жумшоого даяр деп билдирди. Дээрлик эки айдан бери орус аскерлеринин курчоосунда калган шаар аткылоо, бомбалоолордон улам урандыларга айланды.

Баш катчы Кызыл Чырым комитети менен бирге «Азовсталь» заводунун аймагынан элди чыгарып кетүү үчүн гуманитардык коридор камсыздоого даярдыгын айтты. Ошондой эле Украинадагы согуш кылмыштары тууралуу маалыматтарды көз карандысыз иликтөөгө чакырды.

Лавров Киевдин өкүлдөрү сүйлөшүүлөргө олуттуу мамиле кылбаганын айтып, Батышты Украинаны "куралга шыкап жатат" деп сындады. «Мындай иш улана берсе, сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпайт. Бирок биз сүйлөшүүлөр жараяны уланышын карманабыз», - деп айтты министр.

Дүйшөмбүдө ал тынчтык келишимине жетүү аскердик абалга байланыштуу болорун белгилеген.

Гутерриш орус президенти Владимир Путин менен да жолукмакчы.

Москвадан кийин Баш катчы Киевге аттанат. Мындай маршрутту украин президенти Владимир Зеленский сындап, адегенде Украинага барып, кыйроолорду өз көзү менен көрүүгө тийиш деп айткан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG